Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-августу, № 363
Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарын азыркы экономикалык шарттарга адаптациялоо жана ишкердик иш үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте беришсин;
- үч айлык мөөнөттө талдоо жүргүзсүн жана кошумча нарк салыгын башкарууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин камсыздоо үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүн тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомдоштуктан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволук комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Усубалиев Мурат Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Касмалиева Светлана Кадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Аширов Бактыбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары; |
Сулайманов Азамат Талапбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Мурат Аманович | - | "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Красников Андрей Алексеевич | - | аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); |
Ишалина Диляра Ясыровна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Эмиль | - | Борбордук Азиядагы салык салуу маселелери боюнча IFC долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |