Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-августу, № 386
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын ишине байланыштуу түзүлгөн кырдаалды иликтөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Уганда Республикасынын Коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын ортосунда аба кемелерин ижаралоо контрагына кол коюу (№ MOD/016/2014) фактысы боюнча териштирүү жүргүзсүн;
- ушул сыяктуу контракттарды түзүү тартибин регламенттөөчү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды изилдесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна 5 жумушчу күндүн ичинде жыйынтык маалымкат киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методологиялык жана башка камсыздоо милдети Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Джапаркулов Рыскулбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Чоткараев Дуйшонбек Озонович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жумабаев Нуркалы Токтомаматович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Азимов Алмаз Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Бакиров Амангелди Сайдимаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору. |