Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-августу, № 375-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Достук" автомобилдик өткөрмө пунктун куруу жана техникалык жабдуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө:
- "Достук" автомобилдик өткөрмө пунктуна чектеш жер участкаларына жана үй курулуштарына текшерүү жүргүзсүн, бул автомобилдик өткөрмө пунктунун инфратүзүмүн жана анын техникалык жабдуусун жаңылоо зарылдыгын түшүндүрүү үчүн анын ээлери менен жолугушуу өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Достук" автомобилдик өткөрмө пунктун куруу жана техникалык жабдуу үчүн жер участкаларына болгон зарыл керектөөнү аныктасын;
- Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык бул өткөрмө пунктту жаңылоого жер участкаларын кеңейтүү маселесин чечүү үчүн ишке ашырууга зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү иш-чаралардын (жер участкаларын жана үй курулуштарын баалоо, үй ээлерин көүрүү менен байланышкан чараларды жана башка компенсацияларды төлөө, жер участкаларын жана укук ырастоочу документтерди кайра тариздөө, үй ээлерине башка жер участкаларын бөлүп берүү жана документтерди тариздөө боюнча ж.б.) тизмесин аныктасын;
- бир айлык мөөнөттө "Достук" автомобилдик өткөрмө пунктун куруу жана техникалык жабдуу маселесин чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин тиешелүү долбоорун даярдасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин жумушка тартууга;
- жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн материалдарды мамлекеттик органдардан суроого жана алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев
|
Тиркеме
Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлү;
Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын начальниги;
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору.