КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 26-августу, № 413-б
«Энергияны контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (ЭКЭАС) орнотуу жана «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун Электр тармактарын реконструкциялоо» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкыньн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
«Энергияны контролдоонун жана эсепке алуунун
автоматташтырылган системасын (ЭКЭАС) орнотуу жана
«Ошэлектр» ачык акционердик коомунун электр тармактарын
реконструкциялоо» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана
өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын
Курамы
Турдубаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, делегациянын башчысы; |
Жоошбеков З.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сулейманов Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Калиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Дооталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов К.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Элебаев Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Абдыбеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу; боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Мукашев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Даминов Д.И. | - | «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |