Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-августу, № 411-б
Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында 2015-жылдын 26-августунда болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясына караштуу "Кыргызстан -КЭР СУАР" координациялык тобунун сегизинчи жыйынын өткөрүү максатында:
1. Делегациянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Секимов Бактыбек Шайыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Махаммадов Ахмаджан Махаммадович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдырасулова Гулзат Аскарбековна | - | "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору; |
Молдокадыров Айбек Асыранкулович | - | "Нарын" эркин экономикалык аймагынын КЭРдин СУАРдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун Кашгар шаарындагы өкүлү; |
Муратов Элеман Назарович | - | "Нарын" эркин экономикалык аймагынын КЭРдин СУАРдагы Артуш шаарындагы өкүлү; |
Тюменбаев Акылбек Рабаевич | - | "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Бирназаров Болот Коеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштери башкармалыгынын начальниги; |
Абакиров Алымбай Борубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин адинистративдик иштер жана жүктөрдү ташууну жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги; |
Максутов Алмасбек Токонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Касымалы уулу Арслан | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар. министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттигинин эл аралык ташуулар бөлүмүнүн башчысы; |
Оморов Эркинбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы экономиста (макулдашуу боюнча); |
Эркебаева Мээрим Маматеминовна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин атташеси; |
Аалиева Чинара Талантбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Качкынбай кызы Жылдыз | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча секторунун жетектөөчү адиси, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы. |