Редакцияот 28.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 28-августу № 420-б

Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын реконструкциялоо жана реабилитациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз грант берүү боюнча техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

Т.А. Сариев

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Кайтарымсыз грант берүү боюнча

техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну талкуулоо үчүн жалпы суммасы 350 (үч жүз элүү) миллион кытай юанын түзгөн кайтарымсыз грантты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумча кол коё турган Макулдашууда караштырылат.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому менен "Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы" акционердик коому өз ара № 2015/1 гранттык эсебин ачышат - экинчи Тараптын атынан келген кытай юаны менен грант пайыздарды жана жыйымдарды эсептебестен ишке ашырылат. "Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы" акционердик коомунун операцияларынын регламенти боюнча гранттык каражаттарды колдонууда банктык эсеп жол-жобосун жүргүзөт жана эки өлкөнүн Өкмөтүнө бул эсептердин пайдаланылышы жөнүндө мезгил-мезгили менен билдирип турат.

3-берене.

Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки өлкөнүн Өкмөтү ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттерди толук аткарганга чейин колдонулат.

 

________________ шаарында 2015-жылдын "__" ______________ эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү үчүн

Кытай Эл Республикасынын

Өкмөтү үчүн