Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-августу, № 398-б
Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында, Ысык-Көл облусунун мисалында, экономиканын тармактарын кластердик өнүктүрүүнүн методикалык негиздерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ торт айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында экономиканын тармактарын кластердик өнүктүрүүнүн методикалык негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда чакан топторду түзүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин, ошондой эле жарандык сектордун жана бизнес-коомдоштуктардын кызыкдар болгон өкүлдөрүн ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер министр | Т.А. Сариев |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Садыков Нурлан Маткасымович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Борубаев Самат Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдиев Бахтияр Мамадиярович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Жусупов Аширбай Бапович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Мотукеев Болот Джакинбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары; |
Шамканов Кумушбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Карымшаков Улукбек Таджиевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары; |
Ибаков Эмильбек Кенешович | - | Too кластери" ассоциациясынын Юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов Абай Шерикбаевич | - | "Too кластери" ассоциациясынын эксперти (макулдашуу боюнча); |
Койчуманов Талайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Абдыров Толонбек Шакирович | - | Бишкек финансы-экономикалык академиясынын окутуучусу (макулдашуу боюнча); |
Калмырзаев Мирбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин. региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |