Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 5-августу № 382-б
1. 2011-жылдын 16-июнундагы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министри, премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| Т.Д. Сарпашев |
Долбоор
2011-жылдын 16-июнундагы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
2011-жылдын 16-июнундагы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) катышуучу мамлекеттеринин өкмөттөрү төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Макулдашуунун преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындан ары Тараптар же мүчө мамлекеттер деп аталуучу Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Индия Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү, Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, Түркмөнстандын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,".
2. Макулдашуунун преамбуласынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), терроризмди каржылоо жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоо боюнча иш-аракеттер туудурган коркунучту эске алып,".
3. Макулдашуунун преамбуласынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кеңири эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн таанып,".
4. Макулдашуунун преамбуласынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттардын базасында Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобун (мындан ары - ФАТФтын сунуштамалары) жана региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө кызыкдар экендигин билдирип,".
5. Макулдашуунун 2-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЕАТка мүчө-мамлекеттердин (мындан ары - мүчө-мамлекеттер) региондук деңгээлде натыйжалуу эриш-аркак аракеттенүүсүн жана кызматташуусун камсыз кылуу жана ФАТФтын сунуштамаларына жана мүчө-мамлекеттер катышуучу болуп саналган башка эл аралык уюмдардын тиешелүү документтерине ылайык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүүнүн эл аралык системасына интеграцияланышын камсыздоо ЕАТтын негизги максаты болуп саналат.".
6. Макулдашуунун 2-беренесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ФАТФтын 40 сунуштамаларын мүчө-мамлекеттер тарабынан ишке киргизилишине көмөктөшүү;".
7. Макулдашуунун 2-беренесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу жана өткөрүү;".
8. Макулдашуунун 2-беренесинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ФАТФтын сунуштамаларынын негизинде мүчө-мамлекеттерди өз ара баалоо программасын жүзөгө ашыруу анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кабыл алынган мыйзамдык жана башка чаралардын натыйжалуулугун талдоо;".
9. Макулдашуунун 2-беренесинин жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), терроризмди каржылоо жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоо чөйрөсүндөгү типологияларды талдоо, ошондой эле региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мындай жосундарга каршы аракеттенүү тажрыйбасын алмашуу.".
10. Макулдашуунун 4-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЕАТтын жогорку органы болуп Пленардык жыйын саналат, ал эреже катары, жылына эки жолу, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Пленардык жыйындын ишине мүчө-мамлекеттердин делегациялары, байкоочулар жана чакырылган адамдар катышат.".
11. Макулдашуунун 4-беренесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пленардык жыйындын чечими боюнча ЕАТтын ишинин айрым багыттары боюнча Жумушчу топтор жана Комиссиялар түзүлүшү мүмкүн, алар компетенциясынын белгиленген чөйрөсүнө ылайык Пленардык жыйынга отчёт берет. ЕАТтын Жумушчу топторун жана Комиссияларын түзүү тартибин жана алардын ыйгарым укуктарын Пленардык жыйын аныктайт.".
12. Макулдашуунун 5-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Төрагалык кылуу
ЕАТта төрагалык кылуу укуктары бирдей болгон эки тең төрага тарабынан жүзөгө ашырылат.
ЕАТтын бир тең төрагасы туруктуу негиздеги кызмат ордун ээлейт жана Катчылыктын жайгашкан жери болуп саналган мүчө-мамлекеттин делегациясынын мүчөлөрүнүн ичинен Пленардык жыйын тарабынан шайланат.
ЕАТтын экинчи тең төрагасы мүчө-мамлекеттердин орус алфавитиндеги тамгалар тартибинде ротациялык негизде кызмат ордун ээлейт жана Катчылыктын жайгашкан жери болуп саналбаган мүчө-мамлекеттердин делегацияларынын мүчөлөрүнүн ичинен эки жылдык мөөнөткө Пленардык жыйын тарабынан шайланат.
Тең төрагалар Пленардык жыйындардын ишин, сессиялар аралыгындагы мезгилде ЕАТтын учурдагы ишин жетектешет жана өз ара макулдашуу боюнча тышкы байланыштарда уюмдун атынан чыгат.
Төрагалык кылуунун ар бир мезгилинин башында тең төрагалар Пленардык жыйын тарабынан бекитилиши үчүн макулдашылган Иш-аракеттердин планын сунушташат. Документ төрагалык кылуу мезгилиндеги ЕАТтын милдеттерин жана жумушчу пландарын, тең төрагалардын ортосундагы милдеттердин бөлүнүшүн чагылдырат.
ЕАТка мүчө-мамлекеттин өкүлдөрү бир эле мезгилде тең төрагалар боло алышпайт.".
13. Макулдашуунун 6-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Катчылык туруктуу негизде Пленардык жыйындын чечимдерин жана тең төрагалардын тапшырмаларын ишке ашыруу максатында администрациялык-техникалык милдеттерди аткарат.".
14. Макулдашуунун 6-беренеси төмөнкүдөй редакциядагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"ЕАТтын Катчылыгынын кызматкерлери эл аралык жарандык кызматчылар болуп саналат.".
15. Макулдашуунун 6-беренесинин алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тараптар Катчылыктын аткаруучу катчысынын жана кызматкерлеринин милдеттеринин эл аралык мүнөзүн сыйлоого жана кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аларга таасир этүү аракетин жасабоого милдеттенет.
Россия Федерациясынын Москва шаары Катчылыктын жайгашкан жери болуп саналат. Катчылык жайгашкан мамлекеттин аймагында жайгашуу шарттары тийиштүү эл аралык келишимдин негизинде жөнгө салынат.".
16. Макулдашуунун 7-беренесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ФАТФтын сунуштамаларына шайкеш келе турган кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууга жана колдонууга карата активдүү кадамдарды жасайт;".
17. Макулдашуунун 7-беренесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЕАТтын өз ара баалоолоруна катышуу милдетин өзүнө алат;".
18. Макулдашуунун 8-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЕАТтын алдындагы байкоочу статусун берүү (убактылуу токтотуу, жокко чыгаруу) тууралуу чечим Пленардык жыйында кабыл алынат.".
19. Макулдашуунун 8-беренесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байкоочу статусу Пленардык жыйында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугун бербейт.".
20. Макулдашуунун 8-беренесинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байкоочу статусуна ээ болгон мамлекет же уюм төмөнкүлөргө укуктуу:".
21. Макулдашуунун 8-беренесинин он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байкоочу статусуна ээ болгон мамлекет же уюм тарабынан ушул Макулдашууга ылайык ЕАТтын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууда анын кызыкчылыктарына каршы иш-аракеттер жана/же билдирүүлөр жасалган учурда, мүчө-мамлекеттер байкоочу статусун убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу маселесин кезектеги Пленардык жыйынга киргизүүгө укуктуу. Эгерде байкоочу статусуна ээ болгон мамлекет же уюм эки жылдын аралыгында ЕАТтын ишине катышпаса, анда мүчө-мамлекеттер байкоочу статусун убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу сунушун кезектеги Пленардык жыйынга киргизүүгө укуктуу. Пленардык жыйын байкоочулардан алардын өзүнүн статусун сактап калууга даяр экендиги тууралуу маалыматты сурап алууга укугу бар.".
22. Макулдашуунун 8-беренесинин он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байкоочу статусуна ээ болгон мамлекеттер жана уюмдар мүчө-мамлекеттерге кадрларды даярдоодо жана алардын квалификациясын жогорулатууда, тажрыйба жана адистерди алмашууда, материалдык-техникалык камсыздоодо дагы, ошондой эле ЕАТтын негизги максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн финансылык жардам берүүдө дагы көмөктөшө алышат.".
23. Макулдашуунун 8-беренесинен үчүнчү, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтары алып салынсын.
24. Макулдашуунун 14-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайсы гана Тарап болбосун, ЕАТтын жана анын мүчөлөрүнүн алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин алдын ала жөнгө салып жана ушул Макулдашуудан чыгаруу тууралуу расмий билдирүүсүн чыкчу күнгө чейин он эки айдан кечиктирбей Катчылыкка жөнөтүп, ЕАТтын мүчөлүгүнөн чыгып кетүүгө укуктуу.".
Ушул Протокол белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Тараптар тарабынан аткарылгандыгы тууралуу үчүнчү билдирүү депозитарий болуп саналган Катчылыкка өткөрүлүп берилген датадан тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Протоколго кол койгон, бирок ушул Протокол күчүнө киргенге чейин ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарбаган Тарап үчүн ал, ушул Протокол Күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун ошол Тарап тарабынан аткарылгандыгы тууралуу билдирүүнү депозитарий алган датадан тартып күчүнө кирет.
____________ шаарында 201___-жылдын "__" ___________ бир нускада орус, англис жана кытай тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Протоколдун түп нускасы депозитарийде сакталат, ал анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир Тарапка жөнөтөт.
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|