Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 7-августу, № 120
1,2,3-топтордогу угуусу боюнча майыптардын, Кыргыз азистер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнүн кайрылууларында көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү жана иликтөө максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 30 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча маалымкатты жана сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр | Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Жекшенов Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Кутуева А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Сатыбалдиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Калмырзаева Ч.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Рыскулова A.M. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Маатказиев К.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эмгекти коргоо жана эмгек мамилелер башкармалыгынын башкы инспектору; |
Исраилова А.Ж. | - | Кыргызстан профсоюздар федерациясынын юрист-консультанты (макулдашуу боюнча); |
Орозбакова Л.К. | - | Кыргыз азистер жана дүлөйлөр коомунан (макулдашуу боюнча); |
Смаева Б.Ж. | - | Кыргыз азистер жана дүлөйлөр коомунан (макулдашуу боюнча). |