КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-сентябры № 430-б
2015-жылдын 11-сентябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 67-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага КМШнын Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген чечимдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын |
| Т.А. Сариев |
Тиркеме
КМШнын Экономикалык кеңешинин
67-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын
Делегациясынын курамы
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Урмат уулу Мират(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти.
|
Эскертүү:
(*) - Москва шаарына 2015-жылдын 10-12-сентябрында командировкага жиберилет.