Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-сентябры № 435-б
Мамлекеттер аралык транспорттук инфратүзүмдү жана эл аралык туризмди өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Чолпон-Ата - Алматы автомобиль жолун куруу" долбоору боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
ынак кошуналык жана өз ара пайдалуу кызматташтык маанайында аракеттенип,
мамлекеттер аралык транспорттук инфратүзүмдү жана эл аралык туризмди өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Мамлекеттер аралык транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана Ысык-Көлдүн аймагындагы туристтик объектилерге аралыкты кыскартуу максатында Тараптар Алматы - Кастек - Кемин - Ысык-Көл багытындагы Чолпон-Ата - Алматы автомобиль жолун курууну (мындан ары - Долбоор) ишке ашырат.
Тараптар төмөнкүлөрдү белгилешет:
- Казакстан Республикасынын аймагындагы Михайловка (Карасай баатыр) айылы жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы Кемин кыштагы, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарлары аркылуу өтүүчү жалпы узундугу 280 км болгон Алматы - Чолпон-Ата маршруту кыйла оптималдуу болуп эсептелет;
- трассанын оптималдуу маршруту узундугу болжол менен 48 км болгон жаңы участоктун курулушун, Казакстан Республикасынын аймагындагы колдонулуп жаткан Алматы-Бишкек жолунун Алматы-Узынагаш участогун модернизациялоону камтыйт, анын ичинен чек аралык Чүй суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнү кошкондо болжол менен 1 км жол Кыргыз Республикасынын аймагы менен өтөт жана андан ары Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолу менен 91-километринде биригүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагындагы автомобиль жолунун Кемин-Балыкчы участогун реконструкциялоону аяктады.
Тараптар белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө Алматы - Кастек - Кемин - Ысык-Көл багытындагы Чолпон-Ата – Алматы автомобиль жолун курууга жер участокторун бөлүү жөнүндөгү маселени чечүүгө милдеттенишет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
- Казакстан Республикасынын аймагында - Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык.
Бөлүнгөн жер участокторунда куруу мезгилинде жана келечекте Чолпон-Ата - Алматы автомобиль жолун пайдаланууда белгилүү шарттарда Долбоорду ишке ашырып жаткан Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын тоскоолсуз өтүшүнө жана жүрүшүнө укук берилет.
Ушул Макулдашуунун алкагында, Долбоорду ишке ашырууну координациялоо жана аны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Тараптар бир айлык мөөнөттө биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамына Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү кирет.
Долбоор менен байланышкан иш чөйрөсүн жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы чыгымдарды бөлүштүрүү өзүнчө макулдашылат.
Тараптар Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде ишке ашырууну болжолдошот, ал эми ишке ашыруунун формасы Долбоорду андан ары толук иштеп чыгууда биргелешкен комиссия тарабынан аныкталат.
Өз кезегинде биргелешкен комиссия инвестициялардын көлөмүн жана каражаттарды тартуу булактарын аныктоо максатында иштин көлөмүнүн, курулуш үчүн зарыл болгон материалдык ресурстардын болжолдуу эсебин жүргүзүшөт.
Тараптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоорун кошкондо Долбоордун толук техникалык-экономикалык негиздемесин, долбоорлоо-сметалык документтерин жана тендердик документтердин долбоорун даярдоону тапшырат.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында берилүүчү маалыматтын купуялыгын сакташат. Мындай маалымат арналган максаттар үчүн гана пайдаланылат жана маалымат берүүчү Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу процессинде Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуу ошондой эле эки Тарап тең катышуучусу болгон эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынбаган маселелер Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык чечилет.
Ушул Макулдашуу боюнча каалаган тарап өзүнүн милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарышына тоскоолдук кылуучу кандайдыр бир жеңилгис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) пайда болгон учурда, милдеттенмелерди аткарууга айтылган убакыт ушундай жагдайлар күчүндө калуучу мезгилге барабар болгон убакытка жылдырылат.
Ушул Макулдашуу Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кабарлаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
______________ шаарында 201_-жылдын "__" _________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдерине түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |