Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-августу № 380
Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын 2015/2016-жылдан күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүүсүн жана туруктуу өтүүсүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгууга карата өз убагында жана сапаттуу даярдоого мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтор ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтор төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук жана райондук штабдардын ишинин натыйжалуулугуна;
- калкка жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүнү камсыздоочу от казан жылуулугу менен жабдуу ишканаларынын, ведомстволук жана өнөр жай от казандарынын алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдыгына;
- мамлекеттик мекемелер тарабынан отун даярдоо жана жеңилдиктер берилүүчү категориядагы жарандар үчүн акча каражаттарын өз убагында бөлүү боюнча пландуу тапшырмалардын аткарылышына;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын чегинде электр энергиясын керектөөнүн лимитинин бюджеттик уюмдар тарабынан сакталышына;
- отун базаларынын жана калкка көмүр сатуу пункттарынын керектүү санда болушуна жана сатылуучу көмүрдүн баасына;
- 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинде отундун үзгүлтүксүз берилишине көмүр казуу ишканаларынын даярдыгына.
3. Жумушчу топтор белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү боюнча жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган адамдарга жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө.
4. Жумушчу топтордун ишин уюштуруу-техникалык жактан жана башка камсыздоо, ошондой эле мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыйынтыктоо маалыматтарын ай сайын берип туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 6-августундагы № 345 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгууга карата өз убагында
жана сапаттуу даярдоого мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу
топтордун курамдары
Бишкек шаары | ||
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Адилет Искендербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кузнецов Евгений Юрьевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Кадыркулов Искендер Анарбекович | - | "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча). |
Ош шаары жана Ош облусу | ||
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчиси; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Асанкулов Женишбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Даминов Дыйканбай Исабаевич | - | "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
Чүй облусу | ||
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Джантаев Азизбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Калматов Данияр Алпаизович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Айткулов Медетбек Аширкулович | - | "Кыргызстандын УЭТ" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
Жалал-Абад облусу | ||
Турдубаев Кубанычбек Апышевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Эгамбердиева Жумагуль Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Алманбетов Атай Омурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Аширбаев Канат Ыбышевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; |
Паизов Азамат Мамазакирович | - | "Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча). |
Нарын облусу | ||
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Керимов Памирбек Насыранбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Жакыпов Мирлан Мустафаевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Абылгазиев Атабек Абылгазиевич | - | "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын директору (макулдашуу боюнча). |
Ысык-Көл облусу | ||
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Калыгулов Рыскул Уркалыевич | - | Каракол шаарынын мэри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Залялов Юлдуз Фарманович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Сыдыков Бакыт Муканалиевич | - | "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
Баткен облусу | ||
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; |
Рысбаев Равшанбек Рысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Джапаркулов Рыскулбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Казаков Болсунбек Кумушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Масаидов Бекмаат Юлдашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Акматов Улукбек Жаныбекович | - | "Ош электр" ачык акционердик коомунун Баткен филиалынын директору (макулдашуу боюнча). |
Талас облусу | ||
Малабаев Аргынбек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Джуманазаров Баишбек Токтомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Абдувалиев Эрмек Юсупжанович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Дуйшекеев Алик Качкынбаевич | - | "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун Талас филиалынын директору (макулдашуу боюнча). |