Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 16-сентябры № 461-б

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык)

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аштык буудайды сатып алуу максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

"- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасында түзүлгөн минималдык дүң бааларды эске алуу менен 208,6 тонна жогорку сорттогу буудай унун жана 46994 литр өсүмдүк майын белгиленген тартипте сатсын;

- унду жана өсүмдүк майын ведомстволук уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу республиканын региондоруна жана бюджеттик уюмдарга сатсын;

- сатуудан түшкөн каражаттарды мамлекеттик материалдык резервдин аштык буудайынын запасын толуктоого жумшасын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев