КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-марты № 115-б
Жогорку сорттогу буудай унуна жана өсүмдүк майына бааларды кайра карап чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 461-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасында түзүлгөн минималдык дүң бааларды эске алуу менен 208,6 тонна жогорку сорттогу буудай унун жана 46994 литр өсүмдүк майын белгиленген тартипте сатсын;".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |