Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-сентябры № 453-б
Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын бажылык-тарифтик милдеттенмелерин кайра кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусуна байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өз ишин жүргүзгөн Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө (аккредитациялоо жана визалык колдоо) дайыма көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын иш сапарына байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
Тиркеме
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, делегациянын жетекчиси; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, делегациянын жетекчисинин орун басары. |
Делегациянын мүчөлөрү: | ||
Усупов Усен Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын ЕАЭСтин алдындагы өкүлү; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Черный Илья Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн орун басары (макулдашуу боюнча); |
Текеева Люксина Айгуфовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Горин Олег Вячеславович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Сулайманов Азамат Талапбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Рахманова Анархан Рахмановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Киселева Римма Хаджимуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕЭБ менен иштөө жана ДСУ маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кожобекова Жылдыз Эмильбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин директорунун орун басары - көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы; |
Ормонова Сыядат Акматбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕЭБ менен иштөө жана ДСУ маселелери боюнча башкармалыгынын ДСУ маселелери боюнча секторунун башчысы; |
Султанова Назира Албанбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси; |
Карамолдоева Жылдыз Кийикбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын тарифтерди жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору. |