Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-сентябры № 434-б
Түрк маданияты жана мурасы фонду менен мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставына ылайык:
1. Түрк маданияты жана мурасы фондунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү мамлекеттик тилдеги эл аралык келишимдердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Мүчө өлкөлөрдүн Түрк маданияты жана мурасы фондуна милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласына тиешелүү протоколдун долбоору.
2. Түрк маданияты жана мурасы фондунун жол-жобо эрежесинин долбоорун кабыл алууга макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү,
эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана нормаларын жетекчиликке алып,
2009-жылдын 3-октябрында Азербайжан Республикасынын Нахчывань шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX Саммитинде бекитилген Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү жөнүндө чечимге ылайык,
2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставынын (мындан ары - Устав) 6-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
Ушул Келишимде:
"Түрк Кеңеши" - Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешин билдирет;
"Тараптар" - Уставга кол койгон Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттерди билдирет;
"ТИМК" - Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешин билдирет;
"ТКУКАК" - Түрк тилдүү мамлекеттердин улук кызмат адамдарынын комитетин билдирет;
"Кабыл алуучу мамлекет" - аймагында Фонд жайгашкан мүчө мамлекетти билдирет;
"Макулдашуу" - Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө ушул макулдашууну билдирет;
"Президент" - Фонддун Президентин билдирет;
"Фонддун Кеңеши" - мүчө мамлекеттердин ар биринин өкүлдөрүнөн турган административдик органды билдирет;
"Катчылык" - Фонддун Катчылыгын билдирет;
"Фонддун кызматкерлери" - Президенттен, Катчылыктан жана тейлөөчү персоналдан турат;
"Багуудагылар" - кызматчынын аялы, 18 жашка чейинки никеге тура элек балдары жана толук көз каранды ата-энесин билдирет;
"Фонддун имараттары" - Фонддун функцияларын ишке ашырууда пайдаланылган имаратты же имараттын бөлүгүн жана жер участогун билдирет;
"Тейлөөчү персоналдын кызматкерлери" - келишимдин негизинде жалдоого алынган техникалык персоналды түзөт;
"Бюджет" - Фонддун милдеттерин жана функцияларын аткарууга каралган каражатты түзүүнү жана сарптоону түшүндүрөт;
"Финансылык жыл" - календардык жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейинки мезгилди түшүндүрөт;
"Төгүм" - кезектеги финансылык жылга карата Фонддун ишине байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Тараптар үчүн белгиленген суммаларды түшүндүрөт;
"Тышкы аудит" - ТИМК тарабынан дайындалган көз карандысыз аудитор/аудиторлордун Фонддун финансылык жана экономикалык ишин текшерүүсүн билдирет;
"Кирешелер" - Фонд тарабынан бюджетке төлөм түрүндө алынган каражатты билдирет;
"Башка кирешелер" - акчалай салымдарды, ошондой эле финансылык жылдагы чыгымдардын ордун түздөн-түз толтуруунун жыйынтыгында алынган суммаларды билдирет;
"Сарптоолор" - Фонддун өз милдеттерин жана функцияларын каржылоо үчүн бюджеттен берилген каражатты билдирет;
"Жүгүртмө каражаттардын резерви" - милдеттүү түрдөгү төгүмдөрдүн толук төлөмүн күткөн учурда Фонддун сарптоолору үчүн каралган бюджеттин бир бөлүгүн билдирет.
Бул Макулдашуу каржылоо булактарын, бюджетти түзүү, аткаруу жана отчеттуулук тартибин аныктайт.
3.1. Фонддун бюджети финансылык жылга болгон акчалай жана башка түрдөгү кирешелерди жана сарптоолорду өзүнө камтыйт, анын ичинде ар жыл сайын фонддун узак мөөнөттүү долбоорлорун ишке ашыруу каржыланат.
3.2. Фонддун бюджети Президент тарабынан иштелип чыгат жана ТКУКАКта жактырылгандан кийин ТИМК тарабынан бекитилет.
3.3. Кирешелер төмөнкүлөрдөн турууга тийиш:
а) Тараптардын милдеттүү түрдөгү төлөмдөрү, алардын төлөмдүк жөндөмүн жана Бириккен Улуттар Уюмуна төлөмдөрдүн шкаласын жана салыштыруучу аймактык уюмдардагы алардын учурдагы төлөмдөрүн эске алуу менен ТИМК тарабынан аныкталат. Бирок кабыл алуучу мамлекеттин төлөмү башка Тараптардын төлөмдөрүнөн аз эмес болууга тийиш. Милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн шкаласы өзүнчө протокол менен түзүлүп, ТИМК тарабынан кол коюлат жана максатка ылайыктуу болсо өзгөртүлүүсү мүмкүн;
б) субсидиялар;
в) Тараптардын Фонддун бюджетине ыктыярдуу түрдөгү төгүмдөрү, анын өлчөмдөрү чектелбейт;
г) байкоочу-мамлекеттерден, башка мамлекеттерден, башка эл аралык уюмдардан жана форумдардан, юридикалык жана жеке жактардан алынышы мүмкүн болгон Тараптар бекитүүгө тийиш болгон акчалай жана/же башка формадагы ыктыярдуу төлөмдөр;
д) Фонддун максатына жана милдетине каршы келбеген башка каражаттар, анын ичинде пайыздардан түшкөн киреше жана башка кирешелер.
3.4. Сарптоолор өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
а) маданий жана илимий чыгымдар:
- изилдөө чыгымдары;
- долбоор чыгымдары;
- симпозиумдар, илимий конференциялар жана жолугушуулар;
- басып чыгаруу чыгымдары;
- субподрядчиктер;
- консультация чыгымдары;
а) кызматкерлерге сарптоолор:
Президенттин эмгек акысы, анын ичинде:
- медициналык камсыздандыруу;
- багуудагыларга жөлөк пул;
- билим алууга грант;
- жашоо үчүн жөлөк пул;
- ротациялык чыгымдар;
- өргүүдө үйгө келүү (жылына бир жолу);
- өкүлчүлүк чыгымдар;
- социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр кирет;
б) Катчылыктын эмгек акысы, анын ичинде:
- медициналык камсыздандыруу;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөк пул;
- билим алууга гранттар;
- ротациялык чыгымдар;
- өргүүдө үйгө келүү (жылына бир жолу);
- социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр.
Жалпы тейлөөчү персоналдын эмгек акысы, анын ичинде:
- медициналык камсыздандыруу;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөк пул;
- социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр;
- тил билгендиги үчүн жөлөк пул (котормочуларга);
в) кызматтык мөөнөтүн аяктаган кызматкерлердин чыгымдарын төлөө;
г) персоналдын кызматтык контрагы токтотулган учурда бошотуу жөлөк пулу;
д) Фонддун Катчылыгынын иш сапарларына болгон, анын ичинде суткалык, транспорттук жана мейманкана чыгымдары;
е) персоналды окутуу;
ж) талапкерлердин чыгымдары.
Административдик чыгымдар:
1. Фонд үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
2. Фонддун иши үчүн зарыл болгон оргтехника жана автомобилдерди жана башка каражаттарды сатып алуу;
3. Имараттарды техникалык тейлөө, кеңсе эмерегин, жабдууларды, автомобилдерди жана башка буюмдарды оңдоо.
4. Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн иш сапарга болгон, анын ичинде транспорттук, суткалык жана мейманкана чыгымдары.
5. Финансылык жылга карата персоналдын ээлеген кызматына жараша жана айлык маянасына ылайык чыгымдарды көрсөтүүчү Фонддун персоналына болгон чыгымдардын матрицасы Фонд тараптан даярдалып, ТКУКАКнын жактыруусунан кийин ТИМК тарабынан бекитилет.
4.1. Бюджетти Президент даярдайт.
4.2. Ар бир Тараптын милдеттүү төлөмүнүн так суммасы бюджетте көрсөтүлүүгө тийиш.
4.3. Бюджетке ар жылдык төлөмдөр АКШ долларында эсептелет жана төлөнөт.
4.4. Фонд ТИМКга бюджетке белгиленген төлөм толугу менен берилгендиги боюнча маалымат берет.
4.5. Тийиштүү төлөмдөр финансылык жылдын биринчи үч айынын ичинде төлөнөт. Бирок эгер аны аткаруу улуттук мыйзамдарга байланыштуу мүмкүн болбосо, төлөмдөр төрт интервалда төгүлүшү жана ар бир кварталдын башталышында төлөнүшү мүмкүн.
5.1. Фонддун бюджети сарптоолордун сметасына - финансылык жылдагы чыгымдарды камтыган документке ылайык аткарылат.
5.2. Фонд өзүнүн бюджеттик долбоорун даярдап, ар бир пункт боюнча негиздемеси жана эсептөөлөрү менен ТКУКАКга Түрк Кеңешинин катчылыгы аркылуу жиберет жана ТИМК аны келерки финансылык жылдын биринчи жарымында бекитет.
5.3. ТИМК кийинки финансылык жылдын бюджетин карап чыгып, аны 31-декабрга чейин карайт жана бекитет. Бирок эгер, келерки жылдын бюджети кабыл алынбаса, мурдагы бекитилген бюджет тийиштүү өзгөртүүлөрү менен колдонулат.
Акча которуулар үчүн операциялар Фонд жайгашкан өлкөнүн улуттук валютасында, эгер зарыл болсо, башка өлкөлөрдүн улуттук валюталарында жүргүзүлүшү мүмкүн.
5.4. Жергиликтүү валютадагы сарптоолор үчүн бюджеттик сметанын алмашуу курсу турган өлкөнүн Борбордук банкынын өткөн жылдагы орточо алмашуу курсуна негизделет.
5.5. Бекитилген бюджеттин алкагында бир пункттан экинчи пунктка ар кандай которуу Тараптарга Фонд тарабынан алдын ала маалымдап түшүндүрмө берүү менен ишке ашырылат, эмгек акы боюнча пункттан башкаларына, бирок мындай которуулар пункттардын жалпы санынын 10% ашпоого тийиш. Эгер Тараптар 30 (отуз) күндүн ичинде каршылык билдирбесе сунушталган акча каражатты которуу бекитилди деп эсептелинет.
5.6. Максаттык багытталышы боюнча финансылык жылдын акырына чейин пайдаланылбай калган Фонддун бюджетинин каражаттарынын калдыктары кийинки финансылык жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошулууга тийиш. Ар бир катышуучу мамлекеттин төлөмү эсептелүүгө тийиш жана катышуучуларга алардын төлөмдөрүнүн суммасы тууралуу маалымат жиберилет.
5.7. Өткөн жылда жабдууларды жана узак убакытка пайдалануучу буюмдарды сатып алууда толук эмес түрдө пайдаланылгандыгына байланыштуу 1-январга карата калган калдык бюджет кийинкиге калтырылган долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланылат.
6.1. Президент Фонддун акча каражаттары сакталуучу банктык эсепти/эсептерди аныктайт.
6.2. Фонддун эсептери АКШ доллары жана турган мамлекеттин улуттук валютасы менен болууга тийиш. Алдыдагы мезгилге карата чыгымдар үчүн валюталык алмашуу курсунун бухгалтердик эсеби турган мамлекеттин Борбордук банкынын үч айлык орточо курстарына негизделет.
7.1. Президент Фонддун финансылык каражаттарын башкарууну контролдойт жана бул иш үчүн ТКУКАК аркылуу ТИМК алдында отчет берет.
7.2. Президент Фонддун финансылык ресурстарын ТКУКАК аркылуу ТИМКга мурунку финансылык мезгилден кийинки жылдын 31-мартынан кечиктирбестен ар бир финансылык жыл үчүн жылдык отчет берет.
7.3. Ар бир финансылык жылдын аягында акчанын дефицитинин калдыгы чыгашалардын кирешелерден ашканын же кирешеден чыгашалардын ашканын эсептөө аркылуу аныкталышы мүмкүн. Бюджеттин кассалык дефицити болгон учурда, Президент ТКУКАК аркылуу ТИМКке билдирет жана зарыл болгон чараларды көрүү тууралуу сунуштарын киргизет.
8.1. Фонддун финансылык ишине тышкы аудит ар бир бюджеттик мезгилдин аягында жүргүзүлөт. Тышкы аудит ТКУКАКтын жактыруусу аркылуу ТИМК ыйгарым укук берген көз карандысыз аудиттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
8.2. Тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин аудитордук отчет Президент тарабынан Тараптарга жөнөтүлөт. Президент тышкы аудит жүргүзүү үчүн керектүү документтерди көрсөтүүсү зарыл.
9.1. Жүгүртмө каражаттардын резерви бюджеттин бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдү алганга чейин бюджеттик ассигнованиелерди каржылоого гана жумшалат.
9.2. Жүгүртмө каражаттардын суммасы жылдык бюджеттин 5/12 бөлүгүнөн кем эмес суммада белгиленет. Милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдү алгандан кийин, аталган сумма жүгүртмө каражаттардын резервине кайтарылат.
10.1. Аталган Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүнү Депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Аталган Макулдашуу ратификация тууралуу билдирүүнү Депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Аталган Макулдашуу кошулуучу мамлекеттер үчүн кошулуу жөнүндө документти Депозитарий алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
10.2. Ушул Макулдашуунун депозитарийи катары Азербайжан Республикасы эсептелет. Депозитарий кат жүзүндө дипломаттык каналдар аркылуу Тараптарга башка мамлекеттерден ушул Макулдашуунун ратификациялоо, кабыл алуу, бекитүү же кошулуу тууралуу документ алынгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет.
10.3. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салат.
10.4. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор түрүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар ушул Макулдашуунун 10.1-пунктунда каралган жол-жобого ылайык күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
10.5. Ар бир Тарап Депозитарийге жазуу түрүндө билдирүү жиберүү менен ушул Макулдашуудан чыгууга укуктуу. Депозитарий билдирүүнү алган күндөн алты ай өткөндөн кийин аталган Макулдашуунун чыгуучу Тарапка карата колдонулушу токтотулат.
____________ шаарында 20__-жылдын _______________ бир түп нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей мааниге ээ. Кайчы пикирлер жаралган учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставына (мындан ары - Устав деп аталат) ылайык төмөнкүдөй милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн шкаласын белгилөөгө макул болушту:
- Азербайжан Республикасы - 37,7%;
- Казакстан Республикасы - 19,6%;
- Кыргыз Республикасы - 5%;
- Түркия Республикасы - 37,7%.
Бирок, Тараптардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү өзгөрсө жана/же уюм кеңейсе Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин Кеңеши Улук Кызмат адамдарынын Комитети аркылуу ушул шкалага өзгөртүүлөрдү киргизгенге укугу бар. Бул өзгөртүүлөр кийинки жылдын бюджети үчүн күчүнө кириши керек жана төлөмдөр тийиштүү түрдө түзүлүшү керек.
Жаңы шкала макулдашууга чейин, Протоколдо көрсөтүлгөн шкала жарактуу болуп эсептелинет.
Бул Протокол Тараптар анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышкандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркы билдирүүнү депозитарий дипломаттык каналдар аркылуу алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Бул Протоколдун депозитарийи Азербайжан Республикасы болуп эсептелет. Депозитарий кат жүзүндө дипломаттык каналдар аркылуу Тараптарга бул Протоколдун күчүнө кирүү датасы, ошондой эле тийиштүү Тараптардан ратификациялаганы, кабыл алганы, бекиткени же кошулганы тууралуу документти алгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет.
________________ шаарында 2015-жылдын "__" _____________ бир түп нускада азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей мааниге ээ. Пикир келишпестиктер жаралган учурда, англис тилиндеги тексти артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Долбоор
Түрк маданияты жана мурасы фондунун жол-жобо эрежеси Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставынын (мындан ары - Устав) 5-беренесине ылайык Фонддун ишин аткаруунун жол-жобо эрежесин белгилейт.
Бул Жол-жобо эрежеде төмөнкүдөй:
"Түрк Кеңеши" - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кенешин билдирет;
"Фонд" - Түрк маданияты жана мурасы фондун билдирет;
"Тараптар" - Уставга кол койгон Түрк Кеңешине катышкан-өлкөлөрдү билдирет;
"Президент" - Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президентин билдирет;
"Катчылык" - Фонддун Катчылыгын билдирет;
"Фонддун Кеңеши" - катышуучу-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөөчү органды билдирет;
"Персонал" - Фонддун Президентинен, Катчылыгынан жана тейлөөчү кызматкерлеринен турат;
"Комитет" - Фонддун максаттарына жетүү үчүн ишке баа берүүчү долбоорду баалоочу комитетти билдирет;
"ТКӨМБ" - Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларын билдирет;
"ТИМК" - Түрк тилдүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешин билдирет;
"ТКУКАК" - Түрк тилдүү мамлекеттердин улук кызмат адамдарынын комитетин билдирет.
2.1. Фонд катышуучу-өлкөлөрдөн турат (мындан ары - катышуучу-өлкөлөр деп аталат).
2.2. Мамлекет Фонддун Президентине Фондго мүчө мамлекет катары кошулуу ниети тууралуу арыз менен кайрылса болот. Өзүнүн арызында арыз берип жаткан мамлекет Түрк Кеңешинин алкагында кабыл алынган же кол коюлган юридикалык документтерди аткарууга даяр экенин билдирет.
2.3. Фонд Тараптарга келип түшкөн арыз жөнүндө маалымдайт жана ТИМКтин жакынкы жыйынында кароо үчүн ТКУКАКтын күн тартибине киргизет.
2.4. Фондго кирүү жөнүндө чечимди Мамлекет башчыларынын Кеңеши кабыл алат.
3.1. Фонддун Кеңешине Төрагалык мүчөлөргө ротациянын негизинде Тараптардын англис тилиндеги расмий аттарына жараша алфавиттик кезекте өтөт. Фонддун Кеңешинде Төрага болуп турган Фонддун Кеңешинин мүчөсү Фонддун Кеңешинин кеңсесинде иштөөгө укуктуу.
3.2. Фонддун Кеңеши:
- Түрк маданиятын жана мурасын коргоодо, сактоодо, калыбына келтирүүдө жана жайылтууда өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелерди карайт;
- Президенттин сунушу менен долбоорлор тууралуу чечим кабыл алат;
- Фонддун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт.
3.3. Фонддун Кеңешине ротациянын негизинде Төрагалык кылган адам Президент менен биргеликте Фонддун ишмердүүлүгүн координациялоодо жооптуу.
4.1. Фонддун аткаруучу функциялары Фонддун Кеңешинин сунушу боюнча Мамлекет башчыларынын Кеңеши дайындоочу Президент тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
4.2. Президент Тараптардын жарандарынын арасынан жаңыртылып туруучу негизде төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
4.3. Биринчи Президент Азербайжан Республикасынын жарандарынын ичинен шайланат.
4.4. Кийинки Президент ротация жүргүзүүнүн негизинде Тараптардын расмий аталышына жараша англис алфавитине ылайык шайланат.
4.5. Президент Фонддун ишмердүүлүгүнүн координациясын камсыз кылууга тийиш.
4.6. Президент Фонддун атынан эл аралык форумдарга катышат.
4.7. Президент Фонддун ишине тиешелүү документтердин долбоорлорун даярдайт жана Тараптарга эки ай мурун жиберет.
4.8. Катчылык жогоруда аталган милдеттерди аткарууда Президентке көмөк көрсөтөт.
4.9. Президент Фонддун жыйындарына төрагалык кылат.
4.10. Президент Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу отчетту ТИМКага берет жана Мамлекет башчыларынын Кеңешине Түрк Кеңеши уюмунун Башкы Катчысы аркылуу берет.
4.11. Президент жолугушууларга расмий чакырууларды жөнөтөт.
4.12. Президент Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу докладды даярдап жана Түрк Кеңеши уюмунун Мамлекет башчыларынын Кеңешине Башкы катчысы аркылуу берет.
4.13. Фонддун кызматкерлери профессионалдуулук жана билимдүүлүктүн, ошондой эле тең салмактуу өкүлдүктүн негизинде Президент тарабынан дайындалат.
4.14. Президенттин жетекчилигинин астында Фонд:
- Фонддун Кеңешинин жыйынында документтерди жана тиешелүү отчетторду, чечимдерди кабыл алат, иштеп чыгат жана таратат;
- Фонддун Кеңешинин жыйындарынын отчетторун даярдайт, басып чыгарат жана таратат;
- Фонддун архивдериндеги документтердин тийиштүү сакталышын камсыз кылат;
- жыйындардын баардык документтерин таратат;
- Кеңештин Фондуна өзүнүн функцияларын аткарууда көмөк көрсөтөт.
4.16. Президент Фонддун финансылык ресурстарына контроль жүргүзөт жана ТИМКанын алдында толук жооптуу болот.
5.1. Фонд жылына жок дегенде бир жолу Фонддун Кеңешинин жалпы жыйналышын өткөрөт. Өткөрүлүүчү жер катышуучу-өлкөлөрдүн расмий аталышына жараша англис алфавити боюнча аныкталат.
5.2. Фонддун Президенти күн тартибин жана сүйлөөчү адамдардын тизмесин Фонддун Кеңеши менен макулдашуу боюнча түзөт.
5.3. Бир же бир нече Тарап кезексиз чогулуш өткөрүү сунушун киргизе алышат. Фонд Тараптарга сунуштарды жөнөтөт. Кезексиз чогулушту Тараптар билдирүү алгандан кийин 10 күндүн ичинде каршылык билдирбесе чакырууга болот.
5.4. Кезексиз чогулуш Президент сураган мүчө мамлекеттин өтүнүчү сунуштаган мөөнөттө чакырылат.
6.1. Атайын жана техникалык маселелерди талкуулоо үчүн Тараптардын мамлекеттеринин тийиштүү министрликтери, ведомстволору жана уюмдары жолугушууларды өткөрө алышат.
6.2. Андай жолугушуулардын өтө турган жери жана мөөнөтү Катчылык менен макулдашылууга тийиш.
Тараптардын өкүлдөрүнүн жарымынан ашыгы катышса Фонддун чогулушу мыйзамдуу деп эсептелинет.
Кеңештин чечимдери жана билдирүүлөрү консенсустун негизинде кабыл алынат.
9.1. Фонд өзүнүн ишин Тараптардын сунуштарына ылайык иштелип чыккан жана Фонддун Кеңеши бекиткен иш-аракеттер планынын негизинде жүргүзөт.
9.2. Иш-аракеттер планы Уставдын 3-беренесине ылайык аныкталууга тийиш.
9.3. Иш-аракеттер планы Фонддун Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө кабыл алынат.
9.4. Иш-аракеттер планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Фонддун Кеңешинин чечими менен киргизилет.
9.5. Иш-аракеттер планы Фонддун расмий сайтында жайгаштырылат жана Тараптардын мамлекеттеринин расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
10.1. Фонд Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн конкурстарды уюштурат.
10.2. Президент Тараптарга конкурстар тууралуу маалыматтар тиешелүү түрдө берилишин камсыздайт.
10.3. Эрежелер жана арыздар боюнча рекомендациялар, долбоорлорду тандап алуу жана жеңүүчүлөрдү финансылык каражат менен сыйлоо өзүнчө протоколдор менен жөнгө салынат.
11.1. Фонд Фонддун максаттарын ишке ашыруу үчүн алынган Иш-аракет планында көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышын баалоо боюнча Комитет түзөт.
11.2. Комитет көз карандысыз эксперттерден турат. Президент талапкерлердин тизмесин бекитүү үчүн Фонддун Кеңешине киргизет (Азербайжандын сунушу).
11.3. Комитет конкурска келип түшкөн долбоорлорду көз карандысыз баалап, көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алышат.
11.4. Конкурска коюлган долбоорлорго катышкан Комитеттин мүчөлөрү андай долбоорлор каралуучу жыйындарга катышпайт жана добуш берүүгө катышпайт.
11.5. Комитеттин курамы тараптардын биринин суранычы менен ушул берененин 2-пунктунда каралган жол-жобого ылайык кайра каралууга жана өзгөртүлүүгө тийиш.
11.6. Комитет өзүнүн чечимин Президентке берет.
12.1. Долбоорлордун жетекчилери Фонддун иши жөнүндө дайыма отчет берүүгө тийиш.
12.2. Докладдарда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү үчүн Фонд долбоорду ашыруунун кайсы убагында болсо да мониторинг жүргүзө алат.
12.3. Президент долбоорлордун аткарылышын контролдойт.
Түрк Кеңешинин Катчылыгы Фонддун Түрк Кеңешинин жана анын туунду уюмдарынын башка органдары жана мекемелери менен мамилесин координациялайт.
Фонд кайталоолорду болтурбоо максатында ТЮРКСОЙ, Түрк Академиясы жана Түрк Кеңешине тиешелүү институттар менен биргеликте иш алып барат.
15.1. Түрк маданияты жана мурасы фондунун Уставынын 7-беренесине ылайык Тараптардын мамлекеттик/расмий тилдери жана англис тили жумушчу тил катары колдонулат.
15.2. Чогулушту өткөрүп аткан Тарап жана Фонд удаалаш жана жазуу түрүндөгү котормону камсыздайт.
15.3. Жумушчу документтер англис тилинде даярдалат.
15.4. Расмий документтер Тараптардын мамлекеттик/расмий тилинде же англис тилинде кол коюлууга же кабыл алынууга тийиш.
Фонддун жардамы менен Фонддун чогулушун өткөрүп жаткан Тарап тийиштүү административдик, уюштуруу жана протоколдук иш-чараларды камсыздоого тийиш.
Тараптар ушул Жол-жобо эрежесине оңдоолорду киргизе алышат. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор ТИМК тарабынан жактырылууга тийиш.