Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-сентябры № 452-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 678-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Латвия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын Тараптары болуп саналышып,
өз ара түшүнүшүү принцибине негизденүү менен тиешелүү аймактардын ортосундагы жана анын чегинен сырткары үзгүлтүксүз аба катнашын түзүү максатында жогоруда эске салынган Конвенцияга ылайык жана аны толуктоо иретинде Макулдашуу түзүүнү каалашып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Эгерде контекстте башкача тал ап кылынбаса, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
a) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ушул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган ар кандай Тиркемени жана Конвенциянын 90 жана 94-беренелерине ылайык кабыл алынган Тиркемелерге жана Конвенцияларга ар кандай түзөтүүлөрдү бул Тиркемелер жана түзөтүүлөр Макулдашуучу эки тараптын мамлекеттери тарабынан кандайча күчүнө киргендигине жана ратификациялангандыгына жараша камтыйт;
b) "авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата - Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Латвия Республикасынын Өкмөтүнө карата - Транспорт министрлигин же экөөнө карата - учурда жогоруда айтылган бийликтер тарабынан аткарылуучу бардык функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу каалаган башка жакты же органды билдирет;
c) "дайындалган авиакомпания" термини ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
d) Макулдашуучу тараптарга карата "аймак" термини Конвенциянын 2-беренесиндеги бул термин үчүн аныкталган мааниге ээ;
e) "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпания" жана "коммерциялык эмес максатта конуу" терминдери Конвенциянын 96-беренесиндеги бул терминдер үчүн аныкталган мааниге ээ;
f) "тариф" термини бааларды билдирет, алар жүргүнчүлөрдү, багажды же жүктөрдү (почтаны кошпогондо) ташуу үчүн алынууга тийиш, буга мындай ташуулардын чектеринде коюлган же берилген ар кандай олуттуу кошумча пайдалар, ошондой эле адамдарды ташууга билеттерди сатуу же тиешелүү трансакциялардын чектеринде жүк ташуу үчүн төлөнүүчү комиссиялык жыйымдар кирет. Бул ошондой эле ташуу же комиссиялык жыйымдарды төлөө үчүн тарифтердин колдонулушун жөнгө салуучу шарттарды камтыйт;
g) "Тиркеме" термини ушул Макулдашууга же ушул Макулдашуунун 20-беренесинин жоболоруна ылайык оңдолгон Тиркемени билдирет. Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт жана ушул Макулдашууга бардык шилтемелер ошондой эле башкача аныкталып макулдашылганды кошпогондо Тиркемеге шилтемелерди да камтыйт;
h) "ЕС келишимдери" деген термин Европа союзу жөнүндө келишимди жана Европа союзунун иштөөсү жөнүндө келишимди билдирет.
2. Ушул Макулдашуунун беренелеринде берилген аталыштар шилтемелердин максаттары үчүн гана кызмат кылат.
3. Ушул Макулдашууда Латвия Республикасынын жарандарына шилтемелер Европа союзуна мүчө мамлекеттердин жарандарына шилтеме катары түшүндүрүлөт. Ушул Макулдашуудагы Латвия Республикасынын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына шилтемелер Латвия Республикасы дайындаган авиакомпанияга же авиакомпанияларга шилтеме катары түшүндүрүлөт.
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралык аба катнаштарына карата төмөнкүдөй укуктарды берет:
(a) өздөрүнүн аймагы аркылуу кондурбастан учуп өтүү укугун;
(b) өздөрүнүн аймагында коммерциялык эмес максаттарда конуу укугун.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун тиркемесинде аталган каттамдар боюнча эл аралык аба катнаштарын ишке ашыруу максатында ушул Макулдашууда эскертилген укуктарды берет. Мындай катнаштар жана каттамдар мындан ары тийиштүү түрдө "келишимдик линиялар" жана "белгиленген каттамдар" деп аталат. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар белгиленген каттам боюнча келишимдик линияны эксплуатациялоодо ушул берененин 1-пунктунда эскертилген укуктарга толуктоо иретинде экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы бул каттам үчүн Тиркемеде аталган пункттарда өзүнчө же айкалыштыруу менен жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны эл аралык жүктөөнүн коммерциялык негизинде жүктөө жана/же түшүрүү максаттары үчүн токтоо укугунан пайдаланышат.
3. Ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияга экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында сыйлоо үчүн же жалдоо боюнча ташылуучу, экинчи Макулдашуучу ушул тараптын аймагындагы дайындалган башка пунктка бара жаткан (каботаж) жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны бортко алууга укук берүү катары каралбайт.
4. Эгерде куралдуу жаңжалдардан, саясий толкундардан же окуялардан же өзгөчө жана адаттагыдан тышкары жагдайлардан улам бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн нормалдуу каттамы боюнча учууларды аткара албаса, экинчи Макулдашуучу тарап тийиштүү түрдө убактылуу макулдашылган каттам боюнча мындай катнашты аткарууну улантууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.
1. Бир Макулдашуучу тарап берген же жарактуу деп тааныган учууга жарактуулук сертификатын, квалификациясы жөнүндө сертификаттарды жана лицензияларды - аларга коюлган талаптарга ылайык мындай сертификаттар же лицензиялар берилсе же жарактуу деп таанылса жана Конвенцияга ылайык белгилениши мүмкүн болгон жогорудагы минималдуу стандарттарга шайкеш келсе, экинчи Макулдашуучу тарап алардын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жарактуу деп таанышат.
2. Ошондой болсо да, ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап же каалаган башка мамлекет алардын жарандарына берилген же жарактуу деп таанылган квалификация жөнүндө сертификаттарды жана лицензияларды өз аймактарынын үстүнөн учуу максаттары үчүн жарактуу деп табуудан баш тартуу укугун сактап калышат.
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо менен белгиленген каттамдар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо максатында бир же бир нече авиакомпанияларды дайындоого укуктуу.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө кабар жиберүү аркылуу мындай дайындоону чакырып алууга же өзгөртүүгө укуктуу.
3. Мындай дайындоону алган экинчи Макулдашуучу тарап төмөнкүдөй шартта минималдуу жол-жоболук кечиктирүү менен тийиштүү укукту жана уруксатты берет:
а) Латвия Республикасы дайындаган авиакомпания болсо:
i) ал Латвия Республикасынын аймагында ЕС келишимдерине ылайык уюштурулса жана Европа союзунун мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоо үчүн колдонуудагы лицензиясы болсо; жана
ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролу ишке ашырылса жана пайдалануучунун сертификатын берүүгө жооптуу Европа бирлигине мүчө мамлекетке таандык болсо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик так көрсөтүлсө;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте турса жана Европа союзуна же Эркин сооданын Европа ассоциациясына мүчө мамлекеттер жана/же мындай мамлекеттердин жарандары тарабынан таасирдүү контролдонсо;
b) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания болсо:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулса жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык лицензияланса; жана
ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролу ишке ашырылса жана пайдалануучунун сертификатын берүү үчүн жооптуу Кыргыз Республикасына таандык болсо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик так көрсөтүлсө;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте турса жана Кыргыз Республикасы жана/же Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан таасирдүү контролдонсо;
c) бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниядан ал Конвенциянын жоболоруна ылайык эл аралык аба катнаштарын эксплуатациялоого карата ушул авиациялык бийликтер колдонуучу кадимкидей жана акылга сыярлык жазылган мыйзамдар менен эрежелердин шарттарын аткарууга жөндөмдүү экендигине далилдерди берүүсүн талап кыла алат.
4. Ушундай түрдө дайындалган жана ыйгарым укуктарды бөлүшкөн авиакомпания ушул Макулдашуунун бардык колдонулуучу жоболорун ошол авиакомпания канааттандырган шартта ар кандай мезгилде келишимдик линияларды эксплуатациялоону баштай алат.
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын эксплуатациялык уруксатын же техникалык уруксатын төмөнкүдөй учурларда чакыртып алат, токтото турат же чектейт:
а) Латвия Республикасы дайындаган авиакомпания болсо:
i) ал Латвия Республикасынын аймагында ЕС келишимдерине ылайык уюштурулбаса жана Европа союзунун мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоо үчүн колдонуудагы лицензиясы болбосо; же
ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролу ишке ашырылбаса жана пайдалануучунун сертификатын берүү үчүн жооптуу Европа бирлигине мүчө мамлекетке таандык болбосо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик так көрсөтүлбөсө;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте турбаса жана Европа союзуна же Эркин сооданын Европа ассоциациясына мүчө мамлекеттер жана/же ошондой мамлекеттердин жарандары тарабынан таасирдүү контролдонбосо;
b) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания болсо:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулбаса жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык лицензияланбаса; же
ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролу ишке ашырылбаса жана пайдалануучунун сертификатын берүү үчүн жооптуу Кыргыз Республикасына таандык болбосо же дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик так көрсөтүлбөсө;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте турбаса же Кыргыз Республикасы жана/же Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан таасирдүү контролдонбосо;
c) эгерде аталган авиакомпания мындай укукту берген Макулдашуучу тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса; же
d) аталган авиакомпания ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык келишимдик линияларды эксплуатациялоонун шартын кандайдыр бир башка түрдө сактабаса;
e) экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 15 жана 16-беренелерине ылайык авиациялык коопсуздук жана коопсуздук стандарттарын сактабаса же колдонбосо.
2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган шарттарды токтоосуз жоюу, токтото туруу же белгилөө мыйзамдарды жана/же эрежелерди мындан аркы бузуулардын алдын алуу үчүн зарыл болуп саналбайт, мындай укук экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги менен консультацияларды жүргүзгөндөн кийин гана пайдаланылат. Мындай консультациялар ага суроо-талап болгон күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде башталат. Мында аталган мезгилдин ичинде канааттандырарлык макулдашууга жетишпегендик экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын эксплуатациялык уруксатын чакырып алуу, жоюу, чектөө же шарттарды белгилөө үчүн негиз болуп саналат. Эгерде бул олуттуу кечиктирилгис шартта болсо, Макулдашуучу тараптын кайсынысы болбосун мында аталган мезгил аяктаганга чейин убактылуу колдоно алат.
1. Экинчи Макулдашуучу тараптын каалаган дайындалган авиакомпаниясынын аба кемеси аэропортторду жана башка авиациялык жабдууларды колдонуу үчүн каалаган Макулдашуучу тараптын аймагында алынуучу акы ушул сыяктуу эл аралык аба катнаштарында иштеген улуттук авиакомпаниянын аба кемелеринен алынуучу акыдан жогору болбойт.
2. Аэропортторду же каалаган башка авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жабдууларды колдонуу үчүн акы же эл аралык аба катнаштарын ишке ашырууга байланыштуу алынуучу бардык ушул сыяктуу акылар же жыйымдар нарктык негизде белгиленет. Каалаган Макулдашуучу тарап тийиштүү далилдерди берүүнү сурай алат. Бул жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү тейлөө, ошондой эле бирден-бир кызматтарды көрсөткөн аэропорттордогу аба кемесин тейлөө үчүн акы төлөөгө карата колдонулат.
3. Акылар жана жыйымдар улуттук валютада төлөнөт.
1. Бир Макулдашуучу тарап дайындаган, эл аралык аба катнаштарында эксплуатациялануучу авиакомпаниянын аба кемеси, ошондой эле алардын штаттык жабдуулары, запастык бөлүктөрү, күйүүчү отундун жана майлоочу материалдардын запастары, ошондой эле аба кемелеринин бортундагы борттук запастар (тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын кошо алганда) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде, бардык бажы алымдарынан, инспекциялык жыйымдардан жана башка ушул сыяктуу акы төлөөдөн бошотулат, мында ушул сыяктуу жабдуулар, запастык бөлүктөр, резервдер жана запастар ушул аймактан учууларда ал аба кемеси тарабынан пайдаланылып же керектелмейинче же кайра алынып кетмейинче ошол аба кемесинин бортунда калуу шарты коюлат.
2. Көрсөтүлгөн кызматтардын наркына кирген төлөмдөрдү кошпогондо ушул берененин 1-пунктунда эскертилген алымдардан, жыйымдардан жана акы төлөөлөрдөн ошондой эле төмөнкүлөр да бошотулат:
a) эл аралык аба катнашында иштеген, экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын аба кемесинин бортунда кайра кайтуучу багытта пайдалануу үчүн акылга сыярлык чектөөлөрдүн алкагында биринчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы бортко алынган аба кемесинин запастары;
b) эл аралык аба катнашында иштеген, экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын аба кемесин техникалык тейлөө же оңдоо максатында биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына алып келинген кыймылдаткычтарды кошо алганда запастык бөлүктөр;
c) эл аралык аба катнашында экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы пайдалануу үчүн биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына алып келинген же берилген отун, майлоочу материалдар жана сарпталуучу техникалык запастар, ал тургай бул резервдер бортко алынган аймакта экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ишке ашырылуучу учуу участогунда пайдаланылууга тийиш болсо да жогоркулардан бошотулат.
3. Ушул берененин 2-пунктунда аталган материалдар талап боюнча бажы көзөмөлүндө же контролунда сакталышы мүмкүн.
4. Адатта биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы эксплуатациялоочу аба кемесинин бортунда туруучу штабдык борттук жабдуулар, ошондой эле материалдар, резервдер жана запастык бөлүктөр экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ошол Макулдашуучу тараптардын бажы бийликтеринин макулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда алар бажы эрежелерине ылайык кайра алынып кетмейинче же башка түрдө жоюлмайынча жогоруда аталган бийликтердин көзөмөлүндө турушу мүмкүн.
5. Биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын пайдаланышы үчүн арналган жана экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына алып келинген расписание, авиабилеттер жана жүк накладнойлору сыяктуу керектүү документтер ошол аймактагы бажы алымдарынан жана салыктардан бошотулат.
6. Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен өтүүчү багаж жана жүктөр келгенде же жөнөтүлгөндө бажы алымдарынан, жыйымдардан жана акы төлөө кызматтарынын наркына кирүүчү башка ушундай акылардан бошотулат.
7. Ушул Макулдашуудагы эч нерсе Латвия Республикасынын аймагындагы пункттун жана Латвия Республикасынын же Европа союзуна мүчө болгон башка мамлекеттердин аймактарынын ортосундагы учууларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасы дайындаган авиаташуучунун аба кемесинде пайдалануу үчүн анын аймагында берилүүчү отунга салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, акыларды же бааны басмырлабаган негизде белгилөөгө тоскоолдук кылбайт.
1. Макулдашуучу тараптар дайындаган авиакомпаниялар ушул Макулдашууга тиркемеде аталган каалаган каттам боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоонун калыс жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
2. Келишимдик линияларды эксплуатациялоодо ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар ошол эле каттамдардын бүткүл аралыгында же ар кандай бөлүгүндө кийинки тарап көрсөткөн кызматтарга өтө зыян келтирбөө үчүн экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниянын же авиакомпаниялардын кызыкчылыктарын көңүлгө алышат.
3. Оорчулуктун акылга сыярлык факторунда Макулдашуучу тараптар дайындаган авиакомпаниялар тарабынан келишимдик линияларды тейлөө авиакомпания же авиакомпаниялар дайындаган, Макулдашуучу тараптардын аймагынан берүүчү же аймагына баруучу почтаны кошо алганда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда тиешелүү түрдө учурдагы жана күтүлгөн керектөөлөргө дал келген сыйымдуулукту берүү негизги максаты болуп эсептелет.
4. Ушул Макулдашуунун тиркемесинде аталган каттамдарда үчүнчү өлкөлөргө арналган пунктка же ошол пункттан келүүчү эл аралык жүктөөнүн келишимдик линияларында жүктөө же түшүрүү укугу эл аралык аба транспортун акырындап өнүктүрүүнүн жалпы принциптерине ылайык колдонулат жана сыйымдуулуктун төмөнкүлөргө дал келиши тууралуу жалпы принципти сактайт:
a) баштапкы пункттун өлкөсү менен жүк дайындалган акыркы пункттун өлкөлөрүнүн ортосундагы ташууларга болгон суроо-талапка;
b) авиакомпаниялардын кайчылаш учууга болгон суроо-талабына;
c) жергиликтүү жана региондук аба катнаштары көңүлгө алынгандан кийин ал аркылуу авиакомпания учуп өткөн райондун ташуусуна болгон суроо-талабына.
1. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары, башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине өздөрүнүн учуу графигин (учуунун жайкы жана кышкы мезгилдерине) учуулар башталганга чейин кеминде отуз (30) күн мурун жактырууга беришет. График атап айтканда учуулардын убактысын, жыштыгын жана пайдалануучу аба кемелеринин типтерин ичине камтыйт. Авиациялык бийлик ушул сыяктуу берилген кыймыл графиги боюнча өзүнүн чечимин кызыкдар авиакомпания өзүнүн графигин жактырууга берген күндөн тартып жыйырма (20) күндүн ичинде чыгарышат.
2. Учуулар графигиндеги ар бир өзгөртүү, ошондой эле кошумча учууларды аткарууга уруксат берүүгө суроо-талаптар Макулдашуучу тараптын бири дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар тарабынан башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигинин жактыруусуна жиберилет. Өзгөртүүгө же кошумча учууларга ушундай суроо-талаптар авиациялык бийлик тарабынан токтоосуз каралат.
Каалаган Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине алардын суроо-талабы боюнча биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан дайындалган келишимдик линиялар боюнча аткарылган экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына/аймагынан ташууларга таандык, ушундай маалыматтар жана статистикалык маалыматтар адатта алардын улуттук авиациялык бийлигине даярдалышы жана берилиши мүмкүн. Макулдашуучу тараптын бири муктаж болгон ташуулар жөнүндө каалагандай кошумча статистикалык маалыматтар суроо-талап боюнча өз ара талкуулоонун жана Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосундагы келишимдин предмети болуп калат.
1. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык аталган каттамдарда жүргүнчүлөрдөн авиакомпания тарабынан алынуучу тарифтер рейстин (ташылуучу документтердеги маалыматка ылайык) учуу пункту жайгашкан аймактагы Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги тарабынан жактырылууга тийиш.
2. Дайындалган авиакомпаниялар өздөрүнүн тарифтеринде эксплуатациянын наркын, акылга сыярлык кирешени, атаандаштыктын жана рыноктун артыкчылыктуу шарттарын, ошондой эле транспорттун пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын көңүлгө алышат. Ыйгарым укуктуу авиациялык бийлик эгерде тариф аталган критерийлерге жооп бербесе, аны жактыруудан баш тартууга укуктуу.
3. Тарифтер дайындалган авиакомпаниялар тарабынан аларды ишке киргизүүнүн болжолдуу күнүнө чейин кеминде отуз (30) күндөн мурда авиациялык бийликтин жактыруусуна берилет.
4. Эгерде каалаган Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги алардын жактыруусуна сунушталган тарифтерге макул болбосо, алар кызыкдар авиакомпанияга тариф берилген күндөн кийин жыйырма (20) күндүн ичинде маалымдашат. Бул учурда мындай тариф колдонулбайт. Бул мезгилге чейин колдонулган, жаңы тариф менен алмашылууга тийиш болгон тарифти колдонуу улантылат.
5. Ушул берененин жоболоруна карабастан, Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан Европа союзунун бүткүл чегиндеги ташуулар үчүн алынган тарифтер Европа союзунун мыйзамдары менен жөнгө салынат.
1. Эки Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын ушул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу эл аралык аба ташууларына адилеттүү жана тең укуктуу катышуу мүмкүнчүлүктөрү болот.
2. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзүнүн юрисдикциясынын чегинде басмырлоонун бардык формаларын же экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын атаандаштык абалына жагымсыз таасир эткен адилетсиз атаандаштык практикасын жоюу үчүн каалагандай зарыл болгон тиешелүү аракеттерди көрөт.
13-берене. Коммерциялык иштер
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары колдонулуучу мыйзамдардын жана эрежелердин алкагында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ушундай офистерди жана администрациялык, коммерциялык жана техникалык персоналды дайындалган кызыкдар авиакомпаниянын муктаждыктары үчүн зарыл болгон көлөмдө күтүүгө укуктуу.
2. 1-пунктта аталган офистерди уюштуруу жана жумушка персоналды кабыл алуу тиешелүү Макулдашуучу тараптын чет өлкөлүктөрдү кийирүүгө жана алардын тиешелүү Макулдашуучу тараптын аймагында болуусуна тиешелүү мыйзамдар жана эрежелер сыяктуу ошол мамлекеттин мыйзамдары жана эрежелери менен жөнгө салынат. Жогоруда аталган 1-пунктка ылайык офистерге жалданган персоналга эмгек рыногунун кырдаалына жана өнүгүүсүнө карабастан, арыз боюнча жумушка уруксат берилет.
3. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары Макулдашуучу тараптардын ар биринин аймагында өзүнүн ташуучу документтеринде аба ташууларын улуттук валютада түздөн-түз, ошондой эле өзүнүн агенттери аркылуу сатууга укуктуу. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын сатууга болгон укугун, ошондой эле каалаган жактын ушундай ташууларды сатып алууга укугун чектөөдөн карманышат.
1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын эл аралык ташуулардан көргөн пайдасына ошол Макулдашуучу тараптын аймагында гана салык салынат.
2. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары сатуу аймагында чыгымдардан ашкан кирешелердин ашыкчасын которууга укуктуу.
3. Мындай которуулар акча алмашуунун расмий курсу боюнча эркин алмаштырылуучу валютада жүргүзүлөт жана нормалдуу банктык төлөмдөр жана жол-жоболорду кошпогондо каалаган төлөөгө, чектөөгө, салык салууга же кармалууга тийиш эмес.
4. Кирешеге жана капиталга салык салууга карата кош салыкты болтурбоо жөнүндө Макулдашуучу тараптардын ортосунда атайын макулдашуу болгон учурда ушундай макулдашуунун жоболору артыкчылыкка ээ болот.
1. Эл аралык укуктарга ылайык өзүнүн укуктарына жана милдеттерине жараша Макулдашуучу тараптар мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандык авиациянын коопсуздугун коргоону камсыздоо боюнча бири-бирине карата алардын милдеттенмелери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын кайрадан ырасташат. Эл аралык укуктарга ылайык өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин чектебестен Макулдашуучу тараптар, атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалуучу кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну болтурбоо жөнүндө конвенциянын, ошондой эле 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз актыларды болтурбоо жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордогу зомбулуктун мыйзамсыз актылары менен күрөшүү жөнүндө протоколдун же Макулдашуучу тараптардын ар бири кармана турган авиациялык коопсуздук жөнүндө каалагандай башка конвенциянын жоболоруна ылайык аракеттенет.
2. Макулдашуучу тараптар бири-биринин суроо-талаптары боюнча жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана бул аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропортторунун жана аэроновигациялык жабдууларынын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актыларды, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна кандай болбосун башка коркунучтарды болтурбоо үчүн бардык зарыл болгон жардамды беришет.
3. Макулдашуучу тараптар Жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан белгиленген Конвенцияга тиркеме деп аталуучу авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго жана техникалык талаптарга ылайык авиациялык коопсуздук боюнча бул жоболор жана талаптар Макулдашуучу тараптарга колдонулуучу деңгээлде аракеттенет. Макулдашуучу тараптар каттоолору же иштеген негизги орду же туруктуу жайгашкан орду алардын аймагында болгон аба кемелерин пайдалануучулардын авиациялык коопсуздук боюнча ушундай жоболорго ылайык аракеттенүүлөрүн талап кылышат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап аба кемелеринин мындай пайдалануучуларына экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде, учуп чыгууда же жүргөн учурда ошол башка Макулдашуучу тарап талап кылган, жогоруда 3-пунктта аталган авиациялык коопсуздук боюнча жоболорду сактоо жөнүндө талаптарды коюшу мүмкүн экендигине макул болот. Колдонулуучу мыйзамга ылайык ар бир Макулдашуучу тарап аба кемесин коргоо жана ошол аймакка конуунун же жүктөөнүн алдында же ошол учурда жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүктү, багажды, жүктү жана борттук запастарды текшерүү боюнча адекваттуу чаралардын натыйжалуу колдонулушун камсыздайт. Макулдашуучу тараптардын ар бири тиешелүү конкреттүү коркунучка карата авиациялык коопсуздуктун акылга сыярлык атайын чараларын көрүү жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын каалаган суроо-талабын да карап чыгат.
5. Жарандык аба кемесин мыйзамсыз басып алууга же бул аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун же аэронавигациялык жабдуулардын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актыларга байланышкан жаңжал же жаңжал коркунучу келип чыккан учурда Макулдашуучу тараптар бири-бирине байланышты, ошондой эле ушундай жаңжалды же анын коркунучун болтурбоонун тез жана коопсуз алдын алууга багытталган башка тиешелүү чараларды камсыздоо аркылуу жардам беришет.
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экипажга, аба кемелерине же аларды эксплуатациялоого тиешелүү бардык чөйрөдө экинчи Макулдашуучу тарап кабыл алган коопсуздук стандарттары боюнча консультацияларды каалаган убакта сурай алат. Мындай консультациялар суралгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири мындай консультациялардан кийин экинчи Макулдашуучу тарап бардык чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун ошол мезгилге карата Конвенцияда белгиленген минималдуу стандарттарына жок дегенде барабар стандарттарын натыйжасыз сактайт жана башкарбайт деп эсептесе, анда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка мындай эскертүүлөрү жана мындай минималдуу стандарттарга ылайык келүү үчүн зарыл болгон кадамдары жөнүндө билдирет жана бул экинчи Макулдашуучу тарап тиешелүү оңдоочу аракеттерди жасайт. Экинчи Макулдашуучу тараптын он беш (15) күндүн же макулдашылышы мүмкүн болгон андан ашыгыраак мезгилдин ичинде чара көрбөшү ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонууга негиз болот.
3. Конвенциянын 33-беренесинде айтылган милдеттенмелерге карабастан, муну менен биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына кирүүдө же чыгууда, анын аймагында болгон убакта учууларды аткарууда пайдалануучу ар кандай аба кемеси анын бортунда жана аба кемесинин тегерегинде башка Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан аба кемесинин да, анын экипажынын да документтеринин жарактуулугун, ошондой эле аба кемесинин тышкы абалын жана жабдууларын бул негизсиз кармоого алып келбеген шартта текшерүүсүнө (бул беренеде "перрондук инспекция" деп аталды) объект болоору макулдашылды.
4. Эгер ар кандай перрондук инспекция же перрондук инспекциялардын сериясы төмөнкүлөргө алып келсе:
a) аба кемеси же аба кемесин эксплуатациялоо Конвенцияга ылайык бул мезгилге карата белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келбейт деген олуттуу тынчсыздануу жаратса; же
b) Конвенцияга ылайык ошол мезгилге карата белгиленген учуунун стандарттарын натыйжалуу колдоодо жана башкарууда кемчилик бар деген олуттуу тынчсыздануу жаратса; же
Перрондук инспекция жүргүзүүчү Макулдашуучу тарап бул аба кемесине же бул аба кемесинин экипажына карата берилген сертификат же лицензия берилген же жарактуу деп таанылган же бул аба кемесин эксплуатациялоо боюнча талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келбейт же ашыкча эмес деген корутунду чыгарууга укуктуу.
5. Эгер биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы эксплуатациялоочу аба кемесине перрондук инспекция жүргүзүү максатында барууга бул авиакомпаниянын же авиакомпаниялардын өкүлдөрү жол беришпесе, экинчи Макулдашуучу тарап жогоруда 4-пунктта айтылган мүнөздөгү олуттуу тынчсыздануу бар деген жыйынтык чыгарууга жана аталган пунктта айтылган бүтүмгө келүүгө укуктуу.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап эгер биринчи Макулдашуучу тарап перрондук инспекциянын же перрондук инспекциялардын, перрондук инспекция жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуунун, консультациялардын жыйынтыгы боюнча же башкача түрдө мындай аракет авиакомпаниянын учууларынын коопсуздугу үчүн зарыл деген жыйынтыкка келсе, экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын эксплуатациялык уруксатын дароо токтотуп турууга же өзгөртүүгө болгон укукту өзүнө калтырат.
7. Бир Макулдашуучу тараптын жогорудагы 2 же 6-пункттарга ылайык каалаган аракети мындай аракетти көрүү үчүн негиз жок болоору менен токтотулат.
1. Биринчи Макулдашуучу тараптын эл аралык аба линияларында иштеген аба кемесинин анын аймагына учуп келишине жана учуп чыгышына, мындай аба кемесинин аталган аймактын ичинде болгон убактагы эксплуатацияланышына тиешелүү мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына карата колдонулат.
2. Биринчи Макулдашуучу тараптын жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жүктүн же почтанын анын аймагына келишин, болушун жана кетишин, кирүүгө, чыгууга, эмиграцияга, иммиграцияга, бажылык жол-жоболорго, акчага, ден соолукка жана карантинге тиешелүү формалдуулуктарды жөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган аба кемеси аталган аймактын чегинде болгон убакта ташуучу жүргүнчүлөрүнө, экипажына, жүгүнө же почтасына карата колдонулат.
3. Каалаган Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзиттеги жана мындай максаттар үчүн арналган аэропорттун аймагынан чыкпаган жүргүнчүлөр, багаж жана жүк кол салуу, абадагы каракчылык, ошондой эле баңгизаттарды контрабандалоо иштерине каршы авиациялык коопсуздук чараларынан башка учурларда жөнөкөйлөштүрүлгөн гана текшерүүгө алынат.
4. Биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы ташып бараткан жүргүнчү экинчи Макулдашуучу тараптын өлкөсүнө кирүү боюнча мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаган учурда авиакомпания мындай жүргүнчүнү адепки учуп чыккан өлкөгө же андай жүргүнчүнү түшүрүүчү пунктка өзүнүн эсебинен жеткирүүгө милдеттүү.
Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташуу үчүн ушул Макулдашуунун жана анын Тиркемесинин жоболорун аткарууну жана канааттандырарлык сактоону камсыздоо максатында мезгил-мезгили менен консультация өткөрүп турушат.
1. Эгер Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу кандайдыр бир талаш-тартыштар чыкса, Макулдашуучу тараптар аны биринчи кезекте эки тараптуу түз сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттенишет.
2. Эгер Макулдашуучу тараптар сүйлөшүү жолу менен чече алышпаса, алар талаш-тартышты чечүү үчүн кайсы бир башка жакка же органга өткөрүп берүү жөнүндө макулдаша алышат. Эгер алар мындай макулдашууга келе алышпаса, талаш каалаган Макулдашуучу тараптын талабы боюнча үч арбитрден туруп, алардын экөө ар бир Макулдашуучу тараптан бирден дайындалган, үчүнчүсүн ушул эки арбитр аныктаган бейтарап сотко чечүү үчүн берилет. Макулдашуучу тараптардын ар бири каалаган Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка талашты арбитраждык сотто чечүү талабы менен жиберген билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде өзүнүн арбитрин дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш (60) күндүн ичинде дайындалат.
Эгерде Макулдашуучу тараптардын каалаганы арбитрди аталган мезгилдин ичинде дайындабаса, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун кеңешинин Президенти Макулдашуучу тараптардын каалаганынын өтүнүчү боюнча арбитрди же арбитрлерди учурдагы шартка жараша дайындайт. Бардык учурларда үчүнчү арбитр үчүнчү мамлекеттин номинанты болот жана Арбитраждык соттун Президенти катары чыгат. Арбитраждык сот добуштардын көпчүлүгү менен өзүнүн чечимин чыгарат. Башка бардык мамилелерде арбитраждык сот өзүнүн жол-жобосун аныктайт.
3. Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык чыгарылган бардык чечимдерди аткарууга милдеттенишет.
4. Эгерде жана Макулдашуучу тараптардын бири ушул берененин 2-пунктуна ылайык чыгарылган чечимди аткарбагандыктан, экинчи Макулдашуучу тарап биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына ушул Макулдашуунун алкагында берген ар кандай укуктарды, артыкчылыктарды чектейт, токтотот же жокко чыгарат.
5. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн арбитрине кызмат көрсөтүүгө акы төлөө менен байланышкан чыгымдарды көтөрөт. Үчүнчү арбитрдин акысы жана анын зарыл болгон сарптоолору, ошондой эле арбитраждын ишине байланыштуу төлөмдөр Макулдашуучу тараптардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.
1. Ушул Макулдашуу эки Макулдашуучу тараптын өз ара макулдашуу жолу менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Мындай оңдоолор жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор түрүндө киргизилет жана ушул Макулдашуунун 23-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
2. Эгер оңдоо ушул Макулдашуунун тиркемесинин жоболоруна гана тиешелүү болсо, ал эки Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын ортосунда түз макулдашылып жана авиациялык бийликтер макулдашууга жетишкен күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу жана ага бардык оңдоолор Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда катталат.
Каалаган Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу чечими жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу каалаган убакта жибере алат. Мындай билдирүү ошол эле учурда Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна да жиберилет. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун эгер билдирүү аталган мөөнөт аяктаганга чейин макулдашуу боюнча кайра чакыртып алынбаса, экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алгандан он эки (12) ай өткөндөн кийин түн ортосунда (билдирүүнү алган Макулдашуучу тараптын жергиликтүү убактысы боюнча) токтотот.
Ушул Макулдашуу эки Макулдашуучу тарап бири-бирине анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон талаптарды өздөрүнүн тиешелүү ички жол-жоболоруна ылайык аткарышкандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн акыркысы алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
________________ 20__-жылдын "__" __________ кыргыз, орус, латыш жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Бардык тексттер аутенттүү болуп саналат. Талаш-тартыш болгон учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү үчүн | Латвия РеспубликасынынӨкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга тиркеме |
1. 1-каттамдар.
Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары эксплуатациялоочу каттамдар:
Чыгуу | Орто аралык пункттар | Келүү | Чегинен тышкаркы пункттар |
Кыргызстандагы пункттар | Белгиленүүгө тийиш | Латвиядагы пункттар | Белгиленүүгө тийиш |
Бардык пункттар |
| Бардык пункттар |
|
2. 2-каттамдар.
Латвия Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары эксплуатациялоочу каттамдар:
Чыгуу | Орто аралык пункттар | Келүү | Чегинен тышкаркы пункттар |
Латвиядагы пункттар | Белгиленүүгө тийиш | Кыргызстандагы пункттар | Белгиленүүгө тийиш |
Бардык пункттар |
| Бардык пункттар |
|
3. Эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда бул жөнүндө келишим түзүлбөсө, анда бешинчи эркиндиктин эч бир укуктары орто аралык пункттардын же Макулдашуучу тараптын чегинен тышкаркы жана анын аймагындагы пункттардын ортосунда колдонулбайт.