Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-сентябры № 466-б
Автоунаа каражатын музей буюму катары өткөрүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы менен бирге 1995-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 88-44 ВВ, кыймылдаткыч № НУ, кузов № SAJJFAMG4AJ706951 болгон "Ягуар-XJ6" маркасындагы кызматтык автомашинаны Бишкек шаарында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы Мемориалдык музейге мындан ары музей буюму катары колдонуу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизсин.
3. Бишкек шаарында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы Мемориалдык музейге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын кабыл алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын белгиленген тартипте эсептен чыгарсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |