Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 17-сентябры № 462-б

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 484-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Премьер-министр

 

Т. А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 484-б буйругунун редакциясына ылайык)

Исаков Сапар Жумакадырович

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Султанбекова Чолпон Аалыевна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Асанбаев Алмаз Жолчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;

Омокеев Айбек Талгатбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Абакиров Эльдар Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кийизбаева Жазгүл Ильичевна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Секимов Бактыбек Шайыкбекович

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кармышаков Улукбек Тойчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна

-

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Жапанов Майрамбек Асанбекович

-

"Замандаш" кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси" ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Калилов Эмилбек Жолдошевич

-

"ElimGlobalCo." соода фирмасынын уюштуруучусу, Корея Республикасы (макулдашуу боюнча);

Саргалдаев Арстанбек

-

"Кыргыз-Америка Альянсы" коомдук уюмунун негиздөөчүсү, Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаары (макулдашуу боюнча);

Фритче Гулия

-

жеке ишкер, Германиядагы жана Швейцариядагы дарылоону жана текшерүүнү уюштуруу боюнча консультативдик агенттик (макулдашуу боюнча);

Сарыгулов Айбек Жамангулович

-

"Кыргызстандын достук жана маданият коому" коомдук фондунун төрагасы, Түркия Республикасы (макулдашуу боюнча);

Каримов Камчыбек Камбарович

-

"Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун Свердлов облустук башкармасынын төрагасы, Россия Федерациясы (макулдашуу боюнча);

Болтуруков Майрамбек Аяпбергенович

-

"Манас-Петропавловск" коомдук бирикмесинин төрагасы, Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).

Эскертүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин курамынын мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу мүчөлүктөн чыгарылган учурда анын милдеттери ошол кызматка жаңыдан дайындалган адамга өткөрүлөт.