Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-сентябры № 472-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-январындагы № 2-б, 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 30-июнундагы № 301-б, 2016-жылдын 29-ноябры № 516-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-январындагы № 2-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-январындагы № 2-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кара-Кече жана Миң-Куш кγрѳң кѳмγр жер кендерин (“Ак-Улак” участогу) комплекстγγ жана сарамжалдуу иштетγγ (мындан ары –Долбоор), инвесторлорду тартуу, Долбоорду коштоо, кийин конкурска катышуу γчγн берилген тѳлѳмдγн эсебинен аталган каражаттарды инвестор (конкурстун жеңγγчγсγ) тарабынан тѳлѳѳ милдеттенмелерин аталган документтерге киргизγγ менен инвестициялык макулдашууну жана концессиялык келишимди иштеп чыгуу жана тγзγγ максатында кендерди пайдалануу укугуна конкурс ѳткѳрγγнγн шарттарын жана тартибин иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызматтарды кѳрсѳтγγчγ кѳз каранды эмес компанияны ишке тартсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ведомстволор аралык конкурстук комиссия техникалык тапшырманы иштеп чыгып жана бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогоруда аталган максаттар γчγн кѳз каранды эмес компаниянын консультациялык кызматтарын сатып алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-январындагы № 2-б, 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 30-июнундагы № 301-б 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
|
| (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
|
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кодуранова А.С. | - | КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турускулов Ж.К. | - | "Республика-Ата Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нышанов С.К. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турсунбаев А.А. | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Чудинов И.В. | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жутанов А.Т. | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Ахметов У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Рыскулов У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Кайыпов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Сапаров А.С. | - | Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Ажыгулов К. | - | Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын биргелешкен жыйынынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жусупов Б.А. |
| Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Тулобаева А.Н. | - | "Кара-Кечени коргоо боюнча комитет" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жаманбаев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай ,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу; |
Ногойбаев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Айткулов М.А. | - | "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Толубаев Т.М. | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Калилов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Кожомуратов Р.Т. | - | Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
|
| (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б буйругунун редакциясына ылайык)
|