Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-июну № 301-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Сазбаков А.З. - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;";
- жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адилбек уулу Шумкарбек - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директорунун орун басары;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"Сапаров А.С. - Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;";
- жыйырма экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жусупов Б.А. - Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Осоев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Кубатбеков Ч.К | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Кожомуратов Р.Т. | - | Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
- ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Малабаев А.Д., Мамбетов Т.М., Муратбеков К.К., Исагулов А.И. чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |