Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-октябры № 519-б
2015-жылдын 22-23-октябрында Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү шаарында болуучу Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын он төртүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 21-23-октябрында Тажикстан Республикасынын Дүйшөнбү шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Ниязов Мирослав Джумабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Дуйшенбиева Альбина Кабылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Ашымбаева Токтобубу Абасовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Мавлянов Абдырахман Субанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; |
Жолчиев Бакир Дыйканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Мотукеев Болот Джакибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыбеков Азамат Мелисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кадырбеков Арстанбек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Маматканов Дюшен Маматканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; |
Акматов Адыл Тентимишович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги; |
Кыдырбаев Узак Асанкарыевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жаныбеков Бапа Раевич | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жусуматов Эсен Жусуматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары; |
Тотуяев Уланбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы; |
Жумабаев Максат Искендербекович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун келишимдер, сатуулар жана эсептөөлөр бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Мамат уулу Чингиз | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси; |
Кадырбаева Светлана Асангазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы. |