КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 504-б
Тышкы чек аралардын чек аралык коопсуздугун бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин расмий тилде тиркелген долбоорлору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2016-2020-жылдарга тышкы чек аралардын чек аралык коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин чек аралык жана башка ведомстволорунун тышкы чек аралардагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу (жоюу) багытындагы топторун түзүү жөнүндө чечимдин долбоору.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |