КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 504-б (КМШга катышкан мамлекеттердин 2016-2020-жылдарга тышкы чек аралардын чек аралык коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин жана КМШга катышкан мамлекеттердин чек аралык жана башка ведомстволорунун тышкы чек аралардагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу (жоюу) багытындагы топторун түзүү жөнүндө чечимдин долбоорлорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 504-б
Тышкы чек аралардын чек аралык коопсуздугун бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин расмий тилде тиркелген долбоорлору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2016-2020-жылдарга тышкы чек аралардын чек аралык коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин чек аралык жана башка ведомстволорунун тышкы чек аралардагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу (жоюу) багытындагы топторун түзүү жөнүндө чечимдин долбоору.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |