Редакцияот 15.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 15-октябры № 512-б

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө келишимдин расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.

 

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев