РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-октябрындагы № 512-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө келишимдин расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралу) буйругу

Редакция15.10.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 15-октябры № 512-б

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө келишимдин расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.

 

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев