Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-сентябры № 443
Туристтик тармакты өркүндөтүү жана аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасында туристтик тармактын өнүгүүсүн кечеңдетүүчү негизги себептерди аныктоо үчүн 2015-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыктарын изилдесин;
- изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасында туристтик тармактын өнүгүү механизмдерин өркүндөтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик индустрияны түзүү боюнча негизделген сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук кызмат департаментинин Директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Коомчулукка негизделген Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Жибек жолу туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Мейманкана жана ресторандык бизнес ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).