Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 1-октябры № 444
Жетим балдардын жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында:
1. Интернат тибиндеги балдар мекемелерин өткөрүп берүү маселелерин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги берген тизмеге ылайык интернат тибиндеги балдар мекемелеринде жашаган жетим балдарды, ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды багуу, тарбиялоо жана окутуу системасын изилдесин;
- изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү боюнча негизделген сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Интернат тибиндеги балдар мекемелерин өткөрүп берүү маселелерин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Баяманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Калматов Нурбек Тойгонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Ташпаева Назгуль Аскеровна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |