Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 5-октябры № 445
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды, анын ичинде чет өлкөлүк туристтерди милдеттүү медициналык камсыздандырууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды, анын ичинде чет өлкөлүк туристтерди милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн, жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорлорун киргизсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди беришсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин статс-катчысы; |
Мурзалиев Амангелди Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Карагул уулу Жакып | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; |
Шерипов Нурлан Турганбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы; |
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Байжуманов Джанбулат Байжуманович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Карымшаков Улукбек Тажиевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаментинин директорунун орун басары; |
Давлеткелдиева Чынара Абдыгуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү; |
| - | туристтик операторлордун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
| - | бизнес-ассоциациялардын өкүлү (макулдашуу боюнча). |