Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-октябры № 454
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемесиндеги 2015-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү болгон окуянын себептерин аныктоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемедеги 2015-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү болгон окуяга алып келген жагдайларды иликтеп чыксын;
- 10 күндүк мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ведомстволор аралык комиссиянын жалпыланган ишинин натыйжалары, анын ичинде окуянын болуп өтүшүнө жол берген жетекчи кызматкерлердин ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун эксперттерин жана башка адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор ведомстволор аралык комиссияга алар сураган маалыматты беришсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Джапаркулов Рыскулбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Осконалиев Талгат Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Тюкеев Канат Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 4-кызматынын начальнигинин орун басары; |
Раимбеков Абдель Элесович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Абдиев Саламат Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Оператордук-режимдик башкы башкармалыгынын начальниги; |
Медеров Алмаз Тилекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Искаков Бакыт Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору. |