Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-августу № 402-б
Медициналык-социалдык экспертизанын комплекстүү системасын андан ары өнүктүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго толук кандуу интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертизалоо системасын реформалоого даярдоо жана жүргүзүүгө карата биринчи кезектеги чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планынын милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылышсын;
- жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине беришсин.
3. Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Индикаторлор |
1. МСЭ системасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү актылардын долбоорлорун киргизүү менен ДМЧАларды реабилитациялоо жана медициналык-социалдык экспертизалоо системасын регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү | СӨМ, ССМ | 2015-жылдын III кварталы, 2016-жылдын IV кварталы | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | Орто аралык индикатор: - талдоо жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актылардын тизмеги; - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат; - ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору |
2 | КЭКтин принциптеринин жана сунуштарды иштеп чыгуунун негизинде майыптыкты белгилөөнүн иштелип чыккан методологиясын эске алуу менен ДМЧАларды ишке орноштуруу маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү | ЭМЖМ, СӨМ | 2017-жылдын I-III кварталы | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | Орто аралык индикатор: - талдоо жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актылардын тизмеги; - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат; - ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча иштелип чыккан сунуштар. Акыркы индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору |
2. МСЭ системасынын административдик, функционалдык түзүмүн жана инфратүзүмүн оптималдаштыруу | |||||
3 | МСЭнин республикалык борборуна директордун орун басарынын жана МСЭКтерге реабилитолог-врачтардын кызмат орундарын киргизүү бөлүгүндө медициналык-социалдык экспертизалоо системасынын штаттык ырааттамасын жана түзүмүн кайра карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен актынын долбоорун даярдоо | СӨМ, ФМ | 2015-жылдын IV кварталы | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | Орто аралык индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору |
4 | МСЭКтин жайларын/имараттарын жабдуунун колдонуудагы стандарттарынын негизинде МСЭ системасынын жайларынын ДМЧАлар үчүн белгиленген санитардык ченемдеринин жана жеткиликтүүлүгүнүн ылайыктуулугуна жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча МСЭКтин имаратынын типтүү долбоорун иштеп чыгуу | СӨМ, ССМ, Курулуш агенттиги, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын IV кварталы, 2016-жылдын II кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - МСЭКтин имараттарынын типтүү долбоорун иштеп чыгуу; - МСЭ системасынын жайларына инвентаризациялоо жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору. Акыркы индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору |
5 | Электрондук отчётторду берүү жана процесстерди автоматташтыруу максатында МСЭКтин ишинде СЖКМСти колдонууну этап менен жайылтуу | СӨМ | Ар дайым | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде | МСЭКтин ишинде СЖКМСти натыйжалуу колдонуу |
3. ДМЧАларды социалдык интеграциялоого позитивдүү мамиленин маалыматтык-билим берүү системасын түзүү | |||||
6 | Эмгек майыптыгы, кесиптик оорулар, туугандардын никеси, жаракат алуунун өсүшү, балдар арасындагы алгачкы майыптуулуктун себеби менен байланышкан маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык иштерди жүргүзүү | СӨМ, ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ИИМ, Экотехинспекция, ЖМА, ЖӨБО, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Ар дайым | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун чечими менен бекитилген медиа-план. Акыркы индикатор: медиа-планды ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн агартуучу кампаниялардын саны жана аналитикалык маалымат |
7 | МСЭКтин врач-эксперттеринин жана МСЭнин маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарынын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн КМККЖМИнин базасында МСЭнин жогорку окуу жайлар аралык кафедрасын түзүү | ССМ, БИМ, СӨМ | 2016-жылдын III кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | Орто аралык индикатор: тиешелүү документтерди даярдоо. Акыркы индикатор: - КМККЖМИнин базасында МСЭнин жогорку окуу жайлар аралык кафедрасын түзүү; - өткөрүлгөн курстардын жана квалификациясын жогорулаткан МСЭКтин врач-эксперттеринин, саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарынын саны |
4. ДССУ сунуштаган Кыймыл-аракеттин, тиричилик аракеттердин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясын жайылтуу (2001-жыл) | |||||
8 | 2001-жылы ДССУ сунуштаган КЭКти жайылтууга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу | СӨМ, ССМ, ММКФ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын III кварталы 2017-жылдын IV кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: иш-чаралар планы. Акыркы индикатор: КЭКтин элементтери (реабилитациялоо жагынан) жайылтылат |
9 | Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү чөйрөсүнүн кызматкерлерин КЭКтин жоболоруна окутуунун системасын жана методун иштеп чыгуу | СӨМ, ССМ, ММКФ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын I кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: тиешелүү документтерди даярдоо. Акыркы индикатор: - окутуу системасынын болушу; - окутулган кызматкерлердин саны |
10 | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жана ДМЧАларды социалдык интеграциялоонун маселелери боюнча МСЭКтин врач-эксперттерин, социалдык кызматкерлерди, ЖМАнын, ЖӨБОнун, ССМдин, БИМдин, Этностор агенттигинин, ММТМдин, ЭМЖМдин, ММКФнин, КЭУнун кызматкерлерин окутуу | СӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ДБ (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: өткөрүлгөн семинарлардын жана тренингдердин саны. Акыркы индикатор: окутулган адамдардын саны |
11 | КЭКтин принциптеринин негизинде майыптыкты баалоонун, РЖПны белгилөөнүн жана ишке ашыруунун методологиясын иштеп чыгуу | СӨМ, ССМ, ММКФ, ДБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын III кварталы, 2017-жылдын IV кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - иштелип чыккан методология; - жылына иштелип чыккан РЖПнын саны. Акыркы индикатор: КЭКтин принциптеринин негизинде майыптыкты баалоонун методологиясынын болушу |
12 | МСЭнин системасын реформалоонун натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүү | СӨМ, ССМ, ММКФ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын III кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат. Акыркы индикатор: иштелип чыккан сунуштар |
13 | Медициналык реабилитациялоонун клиникалык протоколдорун иштеп чыгууну камсыздоо | ССМ, ММКФ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Медициналык реабилитациялоонун иштелип чыккан клиникалык протоколдору |
14 | Адамдын организминде бузулган же жоготулган кыймыл-аракеттерди калыбына келтирүүгө, компенсациялоого багытталган калыбына келтирүү иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында балдарды жана чоңдорду медициналык реабилитациялоонун өлкөлүк системасынын программасын иштеп чыгуу | ССМ, ММКФ, СӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын IV кварталы 2017-жылдын IV кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - программаны иштеп чыгуу; - ССМдин чечими менен бекитүү. Акыркы индикатор: программанын болушу |
5. Жергиликтүү коомдоштук деңгээлинде ДМЧАларды социалдык интеграциялоо | |||||
15 | ДМЧ балдардын өнүгүүсү жана аларды окутуу бөлүгүндө ПМПК жана МСЭКтин өз ара аракеттенүүсүнүн биргелешкен толук планын иштеп чыгуу | БИМ, СӨМ | 2015-жылдын IV кварталы | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | Орто аралык индикатор - өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен планын иштеп чыгуу; - өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу; - тиешелүү министрликтердин биргелешкен чечиминин долбоору. Акыркы индикатор: министрликтердин чечими |
16 | КЭКтин принциптерине ылайык ДМЧАларды ишке орноштуруу үчүн сунушталган кесиптердин тизмесин иштеп чыгуу | ЭМЖМ, СӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын IV кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - кесиптердин тизмесин иштеп чыгуу; - ченемдик укуктук актылардын долбоору. Акыркы индикатор: ченемдик укуктук актылардын болушу |
17 | Социалдык программалардын (долбоорлордун) алкагында IT-технологияларды колдонуу менен ДМЧАларды аралыктан ишке орноштуруу системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | ЭМЖМ, СӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: сунуштарды иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: Окутулган жана ишке орноштурулган ДМЧАлардын саны |
18 | Жергиликтүү инфратүзүмдүн объекттерине, муниципалдык транспортко ДМЧАлардын жетүүсүн камсыздоо үчүн биргелешкен региондук пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу | КРӨнүн облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ТКМ, СӨМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Ар дайым | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: ДМЧАлардын укугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен региондук иш-чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү. Акыркы индикатор: региондук пландын болушу |
6. Уюштуруу иш-чаралары | |||||
19 | Эл аралык тажрыйбанын негизинде майыптыкты күбөлөндүрүүнүн заманбап моделдерин үйрөнүүнү, аларды практикалык ишке ашырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн адаптацияланган МСЭнин жаңы моделинин долбоорун баалоону жүргүзүү | СӨМ, ДБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын III кварталы, 2016-жылдын III кварталы | Министрликтердин бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - баалоо жүргүзүү; - эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү; - сунуштарды иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: МСЭнин моделин иштеп чыгуу жана сунуштарды киргизүү үчүн аналитикалык маалымат |
20 | Тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык сунуштарды киргизүү менен акыркы жылдардын динамикасында "эмгек майыптыгы", "кесиптик оору" "акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген" (балдар арасында) майыптыктын себептерине талдоо жүргүзүү | ССМ, СӨМ, Экотехинспекция, Профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын III кварталы | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар | Орто аралык индикатор: - талдоо жүргүзүү; - сунуштарды иштеп чыгуу. Акыркы индикатор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине сунуштарды киргизүү |
Кыскартуулардын тизмеси:
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар |
ДМЧ | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү |
ДБ | - | Дүйнөлүк Банк |
ЭАУ | - | ал аралык уюмдар |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюмдар |
КЭК | - | кыймыл-аракеттин эл аралык классификациясы |
СЖКМС | - | Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы |
ДССУ | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
КМКЖМИ | - | Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту |
МСЭ | - | медициналык-социалдык экспертиза |
ПМПК | - | психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссия |
МСЭК | - | медициналык-социалдык эксперттик комиссия |
РЖП | - | реабилитациялоонун жеке программасы |
МСЭ РБ | - | медициналык-социалдык экспертизалоонун республикалык борбору |
КРӨнүн облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |