Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 26-октябры № 461
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын кезектеги биргелешкен жыйыны 2015-жылдын 5-6-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча аталган жолугушууга катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
|
Тиркеме
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Айдаралиев Таалайбек Алимбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Ниязов Мирослав Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Жолчиев Бакир Дыйканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Калматов Азамат Маматысакович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Иманалиев Мирлан Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин атташеси. |