РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-октябрындагы № 515-б (Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япониянын Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын жооп Нотасынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралу) буйругу

Редакция15.10.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 15-октябры № 515-б

1. Расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):

- Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япониянын Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын жооп Нотасынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда айтылган жооп нотага жана Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев