Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-ноябры № 520
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин - эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Коргоого алынган аймакка карата ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында жүрүп жаткан мыйзамсыз курулуш жана чарба иштерин комплекстүү изилдөө, анализдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- эки жумалык мөөнөттө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин иштөөсүн регламенттештирген ченемдик укуктук актыларды жана анын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар маселеси боюнча материалдарды изилдесин, анализ жүргүзсүн жана "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугун белгилөөчү жана пайдалануу укугун күбөлөөчү документтерди тариздөө боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- үч жумалык мөөнөттө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин корголгон зонасынын аймаганда жайгашкан жер участоктору үчүн юридикалык жана жеке жактарга берилген укук белгилөөчү жана укугун күбөлөөчү документтердин 2006-жылдын сентябрынан тартып 2015-жылдын октябрына чейинки мезгилде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугусуз берилгендигин изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кароосуна корутундусун киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин камсыздоо үчүн:
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бардык зарыл болгон материалдарды берүү менен ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, агроөнөр жай комплекси жана экология, курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Шамбетов Тимур Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Матраимов Тилекбек Исмаилович | - | Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Жумаев Нурлан Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча). |