Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругунун редакциясына ылайык)
2015-жылдын 23-ноябры № 569-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурсту мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча аукционду мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |