Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-ноябры № 571-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 2015-жылдын 17-18-ноябрында болгон жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипте:
- мамлекеттик материалдык резервден 5 тонна кумшекерди брондон чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына товардык-материалдык баалуулуктарды жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн тиркемеге ылайык берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн товардык-материалдык баалуулуктарды Ош облусуна арналган жерине чейин 2015-жылга ушул максаттарга каралган бюджеттик каражаттын эсебинен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жабыркаган калкка гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Товардын аталышы | Саны | Наркы (сом менен) | Суммасы (сом менен) |
1 | Буудай уну, жогорку сорт | 30 тонна | 26 | 780000 |
2 | Өсүмдүк майы | 8000 литр | 80 | 640000 |
3 | Жылытуу мештери | 14 даана | 3657,05 | 51198 |
4 | Меланж жууркандары | 400 даана |
| - |
5 | Кумшекер | 5 тонна | 46,8 | 234000 |
| Жыйынтыгы |
|
| 1705198 |