КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 26-ноябры № 557
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 427 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Кудайбердиева Гульмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары болуп;
Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча), Кеңештин мүчөсү болуп;
Бекбоев Адилет Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин мүчөсү болуп;
- Кеңештин курамынан Ниязалиева Д.А., Осмоналиев К., Муратов А.А. чыгарылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |