Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 17-сентябрынын № 427 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 26-ноябрынын № 557 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 1-декабрынын № 565 буйругу.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Султанбекова Чолпон Аалыевна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары. |
Кеңештин мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гулкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Мавлянов Абдырахман Субанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору; |
Супаналиев Бекжан Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Адамкулова Чинара Усенбековна | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, профессор; |
Керезбеков Канат Керезбекович | - | Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор; |
Мусаев Абдылда Инаятович | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор; |
Нургазиев Рыспек Зарылдыкович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, ветеринария илимдеринин доктору, профессор; |
Джумабеков Сабыр Артисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Боконбаев Кулубек Джоомартович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Токторалиев Биймырза Айтиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Калмырзаев Болот Боромбаевич | - | БУУӨПтүн Глобалдуу фондунун өкүлү, биология илимдеринин кандидаты, ассоциацияланган профессор (макулдашуу боюнча); |
Байдолетов Нурадил Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Акматов Адылбек Тентимишевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги; |
Исмаилов Шаршенбек Жанчарович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кооперацияны өнүктүрүү секторунун башчысы, биология илимдеринин кандидаты; |
Бакашова Жылдыз Кемеловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Бийбосунов Алмаз Ильясович | - | Кыргыз Республикасындагы "Газпром долбоорлоо" өкүлчүлүгүнүн директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор; |
Салымбеков Аскар Мааткабылович | - | "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти (макулдашуу боюнча); |
Бейшеналы Назик | - | Кыргыз Республикасынын Кооперативдер бирлигинин президенти, башкарманын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абдурасулов Ырысбек Абдурасулович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Арзыматова Айнура Атыгаевна | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Ахунбаев Арман | - | Евразия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү изилдөө секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Дюфур Эрик | - | Франция Республикасынын Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин (Овернь регионунда) илим жана технология боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери, профессор (макулдашуу боюнча); |
Жамангулова Нурмира | - | Нанкин университетинин профессору (Кытай Эл Республикасы) (макулдашуу боюнча); |
Исаев Эркин Кубанычбекович | - | Россия мамлекеттик гидрометеорологиялык университетинин докторанты (макулдашуу боюнча); |
Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин биринчи проректору, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Керимбеков Акылбек Керимбекович | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин колдонмо математика жана информатика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Турдуев Мирбек Керезбекович | - | Түркия билим берүү ассоциация университетинин доценти (макулдашуу боюнча); |
Чубаков Тулеген Чубакович | - | Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча). |