Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-ноябры № 570-б
Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында 2015-жылдын 25-28-ноябрына пландаштырылган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын он биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Карашев Аалы Азимович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Орозбаева Лада Джантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Утебаев Медер Шамшыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Ильясов Руслан Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директору; |
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Түндүк региондор аралык башкармалыктын начальниги; |
Орусбаев Искендер Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин Кытай Эл Республикасы бөлүмүнүн башчысы; |
Качкынбай кызы Жылдыз | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын жетектөөчү адиси - комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы. |