Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 27-ноябры ПБ № 340
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларга өз убагында даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Уюштуруу комитетинин милдетине кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына байланышкан 2016-жылы өткөрүлүүчү улуттук масштабдагы башка иш-чараларды, анын ичинде 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана трагедиянын 100 жылдыгына, Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын 90 жылдыгына, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 80 жылдыгына, ошондой эле Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чараларды координациялоо кирет деп аныкталсын.
2. Уюштуруу комитети:
- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү планын 2015-жылдын 15-декабрына чейин иштеп чыксын жана бекитсин;
- пландалуучу иш-чаралардын негизинде чыгымдар сметасын түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- аталган даталарга даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын жана алардын өз убагында каржыланышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- ушул буйруктан келип чыккан башка чараларды ишке ашырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Мусабеков Алмазбек Обосбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Турганбаев Мелис Токтомамбетович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Максүтов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри; |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри; |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эгамбердиева Жумагүл Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джуманазаров Байышбек Токтомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тынчтыкбек Чоротегин | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун төрагасы; |
Беделбаев Аскарбек | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана регион таануу факультетинин деканы. |
Эскертүү. Мамлекеттик органдардын жетекчилери уюштуруу комитетинин курамына кызмат орду боюнча кирет. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке курамында өзгөрүүлөр болгон учурда уюштуруу комитетинин мүчөсүнүн милдеттери ушул мамлекеттик органдын жаңы жетекчисине өтөт.