Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 8-декабры № 595-б
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- Планды милдеттүү түрдө жана өз убагында аткарууну камсыз кылышсын;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Планды аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Планды аткаруу жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирбеген башка мамлекеттик органдарга Пландын иш-чараларын өз убагында аткарууну камсыз кылуу сунушталсын.
5. Планды аткарууга жеке жоопкерчилик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Натыйжасы/ продуктулары | Жооптуулар |
1 | Административдик жол-жоболорду камтыган ченемдик укуктук актыларды аныктоо боюнча мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү | 2015-жылдын 10-декабрына чейин | ЧУА тизмеси | Жумушчу топ(*) |
2 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмесин министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор боюнча бөлүштүрүү менен иштеп чыгуу | 2015-жылдын 15-декабрына чейин | ЧУА тизмеси | Жумушчу топ |
3 | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү: - ушул Пландын 2-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору | 2016-жылдын 18-январына чейин | Мыйзамдардын жана Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору | Министрликтер жана ведомстволор |
4 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча окутууга багытталган квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүк курстарынын окуу программаларын иштеп чыгуу | 2016-жылдын 31-январына чейин | Окуу программалар | Жумушчу топ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), КРПМБА (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
5 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча окутууга даярдыкты уюштуруу иш-чараларын төмөнкү категориялар үчүн жүргүзүү: - административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар; - административдик иштерди караган бардык инстанциядагы судьялар; - адвокаттар, прокурорлор. "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жогоруда аталган адамдарды окутуу | 2015-жылдын декабры - 2016-жылдын июну | Окугандардын тизмелери, окутуу графиги, окутуунун бюджеттери, жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчеттор | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча), этностор агенттиги, СОБ(**) (макулдашуу боюнча), АОБ(***) (макулдашуу боюнча), КРПМБА (макулдашуу боюнча), эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
6 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын укуктук пропаганданын алкагында түшүндүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2016-жылдын 31-январына чейин | Иш-чаралар планы | Юстиция министрлиги, эл аралык донордук уюмдар (ЕС жана GIZ долбоорунун көмөктөшүүсү менен (макулдашуу боюнча) |
7 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу жана түшүндүрүү боюнча практикалык колдонмолорду (куралдарды) жана түшүндүрүү материалдарын (брошюраларды) иштеп чыгуу | 2016-жылдын 28-февралына чейин | Окуу-методикалык материалдар жана практикалык колдонмолор | Жумушчу топ, эл аралык донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
8 | Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында "Административдик укук" предмети боюнча окутуунун жаңы форматын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонууга киргизүү | 2016-жыл |
| БИМ, КМЮА, башка ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) |
Эскертүү:
(*) Жумушчу топ - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 96-беренесин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министрдин 2015-жылдын 8-октябрындагы № 149 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ.
(**) СОБ - Судьялардын окуу борбору.
(***) АОБ - Адвокаттардын окуу борбору.
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы |
KMЮA | - | Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы |
Юстиция министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |