Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 8-декабры № 577
Инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен, оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген эл аралык соода-көргөзмө борборун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикке жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Душеналиев Нурбек Макибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин орун басары; |
Кубатбеков Чынгыз Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Бердалиев Шамиль Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алимбаев Абдикарим Карабекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Шамканов Кумушбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Абдыбеков Азаматбек Мелисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору; |
Усенов Абас Халилович | - | Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин биринчи орун басары; |
Абжанбеков Айтемир Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги; |
Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Инвестициялык жана инфраструктураны өнүктүрүү дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Бекбача уулу Бактыбек | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |