Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-декабры № 589-б
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүүгө карата иш-чараларды өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планында:
- аталышындагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "2014-жылдын II-III кварталдары" жана "2014-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
биринчи сабындагы "2014-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сабындагы "2014-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү сабындагы "2014-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр алмаштырылсын;
төртүнчү сабында:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014 III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын II жарым жылдыгы - 2016-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "МСК," деген аббревиатурадан кийин "("Ай-Ти-сервис" ММ)," деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын, "("Инфо-Система" ММ)" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
бешинчи сабындагы "2014-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы сабындагы "2014-жылдын декабры" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи сабында:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014-жылдын II-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "("Инфо-Система" ММ)" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын, "МСК," деген аббревиатурадан кийин "("Ай-Ти-сервис" ММ)," деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "2014-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү | Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча салык органдарында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү | 2015-жылдын декабры - 2016-жылдын I жарым жылдыгы | МСК, СФ | Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелинишине жана төлөнүшүнө контроль жүргүзүү боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү |
";
- кыскартуулардын тизмесинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ай-Ти-сервис" ММ" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Ай-Ти-сервис" мамлекеттик мекемеси".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |