Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-майы № 149-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 589-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тиркелген: 2014-2016-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 589-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин;
- Иш-чаралар планын аткарууну тийиштүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик органдар берген маалыматтарды жалпыласын жана квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 589-б буйругунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралар | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжалар |
1. Укуктук камсыздоо | |||||
1 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жол-жоболорун бирдейлештирүүнү камсыздоо | Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | ЭМ, СФ, МСК | Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү |
Бишкек шаарынын Октябрь районунун жана Чүй облусунун Сокулук районунун салык органдарында мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга карата сунуштарды киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | ЭМ, МСК, СФ | Салык кызмат органдары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну апробациялоо | ||
2. Уюштурууну камсыз кылуу | |||||
2 | Техникалык жана программалык камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана салык кызматы органдарынын ортосундагы байланыш (байланыштын булалуу - оптикалык линиясы - ББОЛ) каналын камсыз кылуу | 2015-жылдын IV кварталы | СФ, МСК, ФМ | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана салык кызматы органдарынын ортосунда маалыматтарды алмашуу жана жекелештирүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо үчүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу | 2016-жылдын I жарым жылдыгы | МСК, СФ, ФМ, МУКК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо боюнча шарттарды түзүү | ||
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана салык кызматы органдары, жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүндөгү электрондук документтердин шайкештигин камсыздоо | 2016-жылдын I жарым жылдыгы | МСК, СФ, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттуулукту түзүү, жеке адамдарды бирдиктүү ХМL форматында каттоо, бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана салык кызматы органдары тарабынан ар кандай компьютердик программаларды колдонуу шартында маалыматтарды алмашууга мүмкүндүк берет | ||
Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча тапшырманы (техникалык тапшырманы) коюу | 2015-жылдын II жарым жылдыгы - 2016-жылдын I кварталы | СФ, МСК, ("Ай-Ти-сервис" ММ), ФМ | Өздүк эсептерди жана төлөмдөр файлдарын жүргүзүүгө бирдиктүү техникалык талаптарды белгилөө | ||
Техникалык тапшырмага ылайык программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы, тапшырмалар коюлгандан кийин | МСК, СФ, ФМ, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Салык кызматы органдарын зарыл болгон колдонмо компьютердик программа менен камсыздоо | ||
Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча программалык камсыздоону тестирлөө жана кабыл алуу (тестирлөө жана кабыл алуу акты) | 2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы | МСК, СФ | Жеке адамдардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнүн жекелештирилген эсебин жүргүзүү үчүн салык кызматы органдарына техникалык мүмкүндүк берүү | ||
Чыгымдардын сметасын түзүү, техникалык жана программалык камсыздоо, ББОЛ байланыш каналдарын өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоону камсыз кылуу | 2015-жылдын II жарым жылдыгы | ФМ, СФ, МСК, ("Ай-Ти-сервис" ММ), эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Колдонмо компьютердик программаны иштеп чыгуу жана өзүнчө ББОЛ байланыш каналын тейлөө үчүн зарыл болгон каржылоо көлөмүн аныктоо | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу маселелери боюнча окутуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу маселелери боюнча салык кызматы органдарынын кызматкерлерин окутууга байланыштуу семинарларды, тренингдерди, "тегерек столдорду" жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | 2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы | СФ, МСК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Салык кызматы органдарын камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу маселелери боюнча адистер менен камсыз кылуу |
4 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү | Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча салык органдарында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү | 2015-жылдын декабры - 2016-жылдын I жарым жылдыгы | МСК, СФ | Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелинишине жана төлөнүшүнө контроль жүргүзүү боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
"Ай-Ти-сервис" ММ" | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Ай-Ти-сервис" мамлекеттик мекемеси |