Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
15-жылдын 4-сентябры № 423-б
2015-жылдын 7-8-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарында өтүүчү "Суу жана Борбордук Азиядагы ынак коңшулук мамиле" конференциясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 6-10-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар чакыруучу тарап төлөөчү транспорттук чыгымдардан жана мейманканада жашоо үчүн акы төлөөө боюнча чыгымдардан тышкары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Маматалиев Абдырахман Мадакимович * | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусуматов Эсен Жусуматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары; |
Анарбаев Анвар Арсланович
| - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин талдоо, пландоо жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин биринчи катчысы. |
Эскертүү:
* - 2015-жылдын 6-8-сентябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарына командировкага жиберилет.