Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 604-б
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясынын төрагасына мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жоюу жана кызматчыларын бошотуу жол-жоболорун аяктоо үчүн биринчи кол коюу укугу берилсин.
3. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кызматчыларына иштен кетүү жана социалдык жөлөкпулдарды, эмгек акысын жана башка тийиштүү төлөмдөрдү төлөп берүүнү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин финансылык жана товардык-материалдык баалуулуктарына инвентаризация жүргүзсүн жана мыйзамда белгиленген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кабыл алуу - өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ишин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтердин пакетин даярдасын;
- жоюу процессинде Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги ээлеген жайларды пайдалангандыгы үчүн эксплуатациялык сарптоолорго жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бошотулуп жаткан кызматчыларына толук эсептешүүгө, иштен кетүү жана социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине каражаттарды караштырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Баетов Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бейшебаева З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин финансылык жана бухгалтердик эсеп секторунун башчысы; |
Чолпонкулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин кеңешчиси; |
Абдылдаев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин жардамчысы; |
Жусупбаева К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин финансылык жана бухгалтердик эсеп секторунун жетектөөчү адиси; |
Термечикова Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин финансылык жана бухгалтердик эсеп секторунун адиси; |
Берембаева М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Толомушова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ресурстук жана чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Джаманбаева З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кампа башчысы (архивариус); |
Жакыбалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбакер субъекттер менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо, экспертиза жана кадр иштери башкармалыгынын начальниги; |
Усубалиева Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин финансы жана бухгалтердик отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы; |
Шабданбеков Ж.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын мамлекеттик мүлк секторунун референти. |