Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-декабры № 632-б
Ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомунун туруктуу иштөөсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле мурда бөлүнгөн мамлекеттик зайым каражаттарын кайра кайтарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредиттик карызын төмөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
негизги сумма боюнча карызды жоюунун мөөнөттөрү ар квартал сайын улам өсүп туруучу төлөмдөр менен 2017-жылдын 15-октябрынан баштап 2029-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин;
2017-жылдын 15-октябрынан баштап күнүмдүк пайыздарды кошуп эсептөө жана жоюу негизги суммага жүргүзүлсүн;
мурда кошуп эсептелген жана төлөнбөй калган пайыздар ушул буйрук чыккан күнгө капиталдаштырылсын, ошону менен бирге капиталдаштырылган сумманы жоюу 2030-жылдын 1-январынан баштап 2032-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин;
төлөөлөрдүн мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн айыптык санкциялар жылдык 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин;
негизги сумма боюнча карыз 2029-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө толук жоюлса, капиталдаштырылган сумма боюнча карыз жоюлду деп эсептелсин;
- "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредиттик карызын төмөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
негизги сумма боюнча карызды жоюунун мөөнөттөрү ар квартал сайын улам өсүп туруучу төлөмдөр менен 2017-жылдын 15-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин;
пайыздык ставка жылдык 2,5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин, 2017-жылдын 15-январынан баштап күнүмдүк пайыздарды кошуп эсептөө жана жоюу негизги суммага жүргүзүлсүн;
мурда кошуп эсептелген жана төлөнбөй калган пайыздар жана айыптык санкциялар ушул буйрук чыккан күнгө капиталдаштырылсын, ошону менен бирге капиталдаштырылган суммаларды жоюу 2023-жылдын 1-январынан баштап 2025-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин;
төлөөлөрдүн мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн айыптык санкциялар жылдык 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин;
негизги сумма боюнча карыз 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө толук жоюлса, капиталдаштырылган суммалар боюнча карыз жоюлду деп эсептелсин.
2. "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомуна үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда мурда түзүлгөн карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууларды түзүү;
- күрөөгө коюлган мүлктү кайра баалоо жана күрөө келишимдерине кошумча макулдашууларды түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Заман" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коому ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык карызды жойбогон учурда ишканаларды банкрот деп жарыялаганга чейинки чараларды көрүү менен карызды мажбурлап өндүрүүгө киришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |