Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 632-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-сентябры № 510-б
Текстиль өндүрүшүн колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 975 "Текстиль тармагындагы ишканалардын OECF (Япония) жана KFW банкынын (Германия) кредиттери боюнча милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү жана "Жеке ишкердикти колдоо" кредиттик линиясы боюнча карыздарын реструктуралоо жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, негизги карыз - 432359,75 евро (төрт жүз отуз эки миң үч жүз элүү тогуз евро жана жетимиш беш цент), кредитти пайдалангандык үчун проценти - 420495,32 евро (төрт жүз жыйырма миң төрт жүз токсон беш евро жана отуз эки цент) болуучу жетишээрлик кошумча милдеттүү күрөөлүк камсыздоо менен, төмөнкүдөй шарттарда узартсын:
- негизги карызды жоюу мөөнөтү 2009-жылдын 30-декабрынан тартып төлөй баштоо менен 2009-жылдан 2029-жылга чейин жыйырма жылга узартылат;
- кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка 2,5 процент жылдык белгиленет жана проценттерди кошуу 2009-жылдын 30-декабрынан башталат;
- 1994-жылдын 30-ноябрынан тартып 2009-жылдын 30-декабрына чейин кошулган проценттердин суммасы 2,5 процент жылдык ставка менен кайра эсептелет, мында төлөө мөөнөтү 2009-жылдын 30-декабрынан 2029-жылдын 30-декабрына чейин белгиленет;
- карыздын суммасын жоюу графиги 2009-жылдын 30-декабрынан баштап бекитилет.
2. "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- коомдун активдерине укукту аныктоочу документтерди бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү;
- "Кыргызстан" коммерциялык банкы" ачык акционердик коому менен күрөө жөнүндө кошумча келишим түзүү;
- жогоруда айтылган кредиттин кошулган проценттери менен графикке жана карыздык милдеттенмеге катуу ылайык төлөнүшүн камсыздоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |