Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-декабры № 597
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын системасын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын ортосундагы кайталаган функцияларды деталдаштыруу, чектөө жана алып салуу, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын штаттык санын жана мамлекеттик аппаратты кармоого жана тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын талдоо боюнча жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда;
- мамлекеттик органдардын кызматтык автомашиналарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) 2-тиркемеге ылайык курамда.
2. Жумушчу комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрү менен бирдикте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын этап-этабы менен оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын кайталаган функцияларын чектөө жана алып салуу, ошондой эле алардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана кийин кароого киргизүү максатында бир жумалык мөөнөттө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жоболорун, функцияларын жана башка уюштуруу документтерин кароонун графигин иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2016-жылдын 1-февралына чейин мамлекеттик органдардын кызматтык автотранспортун кармоодогу чыгымдарды кыскартуу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
4. Жумушчу комиссияга жана ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматты сурап алууга.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу комиссиянын жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө тейлөө багыттары боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына материалдарды сапаттуу даярдоодо уюштуруучулук жана методикалык көмөк көрсөтүү жана аларды толук көлөмдө жумушчу комиссиянын кароосуна киргизүү жүктөлсүн.
7. Уюштуруучулук-техникалык жана башка жагынан камсыздоо:
- жумушчу комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун иши Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев
|
1-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын талдоо боюнча жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Шадыбеков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Оскомбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси - аналитикалык камсыздоо тобунун жетекчиси; |
Аалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Ажигулова З.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Бекбоев А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Убалиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Естебесов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сагынбаев Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Султанов Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; |
Бакчиев Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бекташев Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын калктын документтештирүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо, экспертизалоо жана кадрдык иштер башкармалыгынын начальниги; |
Баетов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук камсыздоо жана экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Амангельдиев Д.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Алиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Давыдов Н.П. | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Дикамбаев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аналитикалык камсыздоо тобунун көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча); |
Ташпаева Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аналитикалык камсыздоо тобунун көз карандысыз эксперти (макулдашуу боюнча); |
Третьяков А.В. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Цой-Ман-Су | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мурзаев С.К. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Джаркынбаев А.Д. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2-тиркеме
Мамлекеттик органдардын кызматтык автомашиналарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Исакулов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Аалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Карыбеков Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Баяманова З.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Мамыркалиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Таштанов Н.А. | - | Кыргыз. Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Джумадилде уулу М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Коеналиев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору; |
Аманалиев Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасынын директору. |