Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-декабры № 621-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын Бишкек шаарына жакын жайгашкан Чүй облусунун аймагында арзан турак-жай менен камсыз кылуу жана "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашыруу максатында "Арзан турак-жай 2015-2020" Мамлекеттик программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестициялык конкурс өткөрүү тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте:
- "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүшсүн;
- "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашырууга карата техникалык тапшырманы, алдын-ала техникалык-экономикалык негиздемени жана эсебин даярдоо боюнча жумушчу топ түзүшсүн (мындан ары - Долбоор);
- алдын-ала техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн жана бул чыгымдарды андан ары Долбоордун наркына киргизүү менен финансылык каражаттарды табышсын.
3. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча) курулуш мезгилинде курулуш үчүн жер участогуна зарыл болгон бардык документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине белгиленген тартипте берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:
- Комиссиянын чечиминин негизинде Конкурстун жеңүүчүсү менен инвестициялык макулдашуу түзсүн;
- бир айлык мөөнөттө берилген жер участогунун аянтына ылайык, үлүштүк катышуу шарттары боюнча Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын айыл өкмөтү менен макулдашуу түзсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн үлүштүк катышуунун шартын милдеттүү түрдө инвестициялык макулдашууга киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттерди куруу боюнча Долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу үчүн кошумча жер участокторун издеп табуу боюнча иштерди андан ары жүргүзүшсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана алардын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
7. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикке жүктөлсүн.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Ушул Жобо "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестициялык конкурсту (мындан ары - Конкурс) уюштуруунун жана өткөрүүнүн жалпы шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жобо Конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана мөөнөтүн белгилейт жана Конкурстун катышуучулары менен уюштуруучуларынын ортосунда пайда болгон мамилелерди жөнгө салат, ар бир катышуучуну карап чыгууда жана чечим кабыл алууда макулдашылган аракеттерди уюштурууну, Конкурс өткөрүүдө алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону карайт.
3. Конкурстун максаты түз инвестицияларды, гранттарды тартуу жана инвестициялык макулдашууларды түзүү жолу менен "Бишкек шаарынын жандоочу-шаары" курулуш долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу укугу бериле турган инвесторду аныктоо болуп саналат.
4. Конкурска Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар катыша алышат.
Биргелешкен инвестициялоону (консорциум түзүү) жүзөгө ашыруу үчүн инвесторлордун каражаттарын бириктирүүгө жол берилет.
5. Төмөндөгүлөр Конкурстун катышуучусу боло алышпайт:
- мүлкүнө арест коюлган жана (же) экономикалык иши токтоп калган;
- белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиз) деп таанылган;
- жоюлуу же кайрадан түзүлүү процессинде турган (юридикалык жактар үчүн).
6. Конкурстун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги болуп саналат (мындан ары - Конкурстун уюштуруучусу).
Конкурс ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
7. Конкурстун уюштуруучусу:
- инвесторлор үчүн техникалык тапшырманы жана эскиздик долбоорлорду даярдайт;
- өтүнмөлөрдү берүүчү жерди аныктайт;
- Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жыйноону жана каттоону ишке ашырат;
- өтүнмөлөрдү кароо жана жыйынтыктарды чыгаруу датасын, убактысын жана жерин аныктайт;
- Конкурсту өткөрүүгө байланыштуу уюштуруучулук мүнөздөгү башка функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Конкурсту өткөрүү тартиби
8. Конкурсту өткөрүү жана кулактандырууну жайгаштыруу жөнүндө чечим Конкурстун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынат. Кулактандыруу жалпы республикалык гезитте же Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий сайтында жарыяланат. Өтүнмөлөр конкурс жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
9. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- инвестициялоо предмети жөнүндө маалымат;
- Конкурсту өткөрүү датасы, убактысы жана жери;
- Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү (конкурстук сунуштарды) берүүнүн тартиби жана мөөнөтү жана конкурска катышууга документтерди берүүнүн дареги;
- Конкурсту уюштуруучунун аталышы жана дареги, байланыш телефону;
- Конкурстун катышуучуларына карата ушул Жободо белгиленген талаптар;
- башка маалыматтар (Комиссиянын каалоосу боюнча).
10. Конкурска катышуу үчүн Конкурстун уюштуруучусу аныктаган форма боюнча өтүнмө тапшырылат.
Өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- уюштуруучу документтердин жана юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жеке ишкер катары жарандын мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жактын аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген, өкүлгө берилүүчү ишеним кат, эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу иштесе;
- бюджетке салыктык карызы жок экендиги жөнүндө салык кызматынан маалымдама;
- чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - мамлекеттик реестрден мыйзамдуу көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча ал иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналгандыгын күбөлөндүрүүчү башка документ;
- Кыргыз Республикасынын жеке жактары үчүн - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк жеке жак үчүн - ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана анын мамлекеттик же расмий тилдерде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу.
Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан берилүүчү уюштуруучу же башка документтер чет өлкөлүк документтерди мыйзамдаштыруу жол-жобосун жүзөгө ашыруу менен берилиши керек жана алардын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилиши керек.
Конкурска катышууга өтүнмө машиналык ыкма менен мамлекеттик же расмий тилдерде толтурулушу, электрондук басуучу орнотмолор аркылуу басылып чыгарылышы керек.
11. Конкурсту уюштуруучу берилген өтүнмөлөрдү анын каттоо номерин, келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналында каттайт.
Өтүнмөлөрдү берүү аяктаган датадан кийин келип түшкөн өтүнмө материалдары кабыл алынбайт жана өтүнмө берүүчүгө почта аркылуу же Конкурсту уюштуруучунун кызмат адамы тарабынан каттоо журналында тийиштүү белги менен кол койдуруп алуу аркылуу кайтарылат. Өтүнүүчүлөр өз өтүнмөлөрүн каалаган мезгилде артка кайтарып алууга укуктуу.
12. Комиссия берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча документтерди карайт жана Конкурска катышууга уруксат берүү же ага катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат, ал талап кылынган бардык документтердин болушуна, сапатына жана Конкурстун катышуучусунун ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештигине негизделет.
Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн колу коюлат.
13. Конкурска катышууга уруксат берилген өтүнмө берүүчүлөр уруксат алган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Комиссияга чапталган конвертте төмөнкүдөй документтерди берет:
- капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана Долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен Долбоорду ишке ашыруунун программасын;
- Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктү тастыктоо;
- инфратүзүмдүк жана турак-жай объекттерин курууда иш тажрыйбасын ырастоочу документти;
- Долбоорду колдонууга киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунушун;
- Конкурстун объектисинде заманбап технологияларды колдонуу жөнүндө сунушун;
- кабыл алынган объекттердин коопсуздугун, анын ичинде экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин колдонуу жөнүндө сунушун;
- иштегендердин жалпы санынан ишке тартылган ата-мекендик адистердин жана жумушчулардын катышы жөнүндө сунушун (Конкурска чет элдик юридикалык жана жеке жактар катышканда).
14. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун негизги критерийлери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Конкурстун уюштуруучусу тарабынан даярдалган тапшырмада жана эскиздик долбоордо көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышы;
- минималдык чыгымдар жана ипотекалык кредит менен турак жай сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу баадагы Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык тургузулган, курулуш аянты 1 гектарга барабар болгон курулуш аянтында жалпы аянты 30 миң квадрат метрден кем эмес турак жай жана турак эмес жайлардын болушу;
- тургузулган турак-жай фондунун 10 пайызынан кем эмеси, аймагында Долбоор ишке ашырылып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бекер өткөрүлүп берилет;
- Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 5 жылдан көп эмес;
- социалдык объекттерди куруу (мектеп, бала бакча, бейтапкана жана башкалар);
- коммуникациялык системаларды киргизүү (жол, электр энергиясы, суу, канализация, жылуулук берүү);
- турак-жай калктын көпчүлүгү үчүн максималдуу жеткиликтүү болушу керек жана турак-жайдын кымбат эмес наркы (төмөн пайыздык ставкалары жана сатып алуу жөнүндө келишимди түзгөндөн баштап 15-20дан кем эмес жылдын ичинде турак-жайды сатып алуу мүмкүндүгү менен) социалдык багытта болууга тийиш;
- Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, өздүк финансылык ресурстардын жана (же) аларды тартуу мүмкүндүгүнүн болушу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигисиз инвесторлор тарабынан түз инвестицияларды тартуусу;
- сапаттуу техникалык-экономикалык негиздемени жана (же) эскиздик долбоорду бериши;
- инвестор тарабынан Долбоорду кыйла натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү кошумча милдеттенмелерди өз демилгеси боюнча алышы (гранттык жардамдын көлөмү);
- жеке курулуштук же өндүрүштүк кубаттуулугу же жергиликтүү подрядчы уюмдар менен колдонуудагы келишимдин болушу;
- инвестициялоо жана курулуш жаатында Кыргыз Республикасынын аймагында (биргелешкен) инвестициялык иштерди жүргүзүү боюнча тажрыйбасынын болушу;
- курулуш процессинде жана курулуш объекттеринин өзүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик стандарттарга жана ченемдерге так шайкеш келиши;
- салынган инвестициялык каражаттардын узак мөөнөттүү жана минималдык пайыздык ставкалары менен болушу;
- курулган турак жайдын квадрат метринин оптималдуу наркы (толук бүткөн турак-жайдын квадрат метри 450 (эконом-класс), 550 (медиум-класс), 600-650 (бизнес-класс) АКШ доллары диапазонун түзөт жана долбоордун жалпы наркы).
15. Комиссия тарабынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн сунуштары мыкты деп таанылган катышуучу Конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
16. Комиссия ачык добуш берүү менен талкуулоо жүргүзгөндөн кийин Конкурстун жеңүүчүсү аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы протоколго киргизилет.
17. Жеңүүчү жөнүндө чечим Комиссиянын протоколу менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана Комиссиянын төрагасы бекитет. Чечим менен макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирлерин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
18. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- Комиссия мүчөлөрүнүн - жыйындын катышуучуларынын тизмеси;
- инвестициялардын объектисинин аталышы, дареги жана негизги мүнөздөмөсү;
- Конкурстун катышуучуларынын аталышы жана даректери;
- конкурстук сунуштарды карап чыгуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары;
- протоколдо чагылдыруу талап кылынган башка маанилүү маалыматтар;
- Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо, Конкурсту жокко чыгаруу же Конкурсту кайрадан өткөрүү жөнүндө Комиссиянын чечими.
19. Конкурстун протоколуна кол коюлгандан кийин Конкурс өттү деп саналат.
20. Өтүнмө берүүчүгө төмөнкү учурларда Конкурска катышуудан баш тартылышы мүмкүн:
- Конкурска катышууга талапкер адам, ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө бардык зарыл болгон документтерди бербесе;
- Конкурска катышууга талапкер адам билип туруп жалган маалыматтарды берсе.
21. Эгерде, Комиссияга конкурстун шарттарына жооп берген бир да сунуш келип түшпөсө, анда Конкурсту өткөн жок деп таануу жөнүндө протокол түзүлөт.
22. Долбоорду ишке ашыруу Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып, 30 иш күндүн ичинде жүргүзүлгөн Конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
23. Комиссия:
- өтүнмөлөрдү, конкурстук документтерди жана материалдарды кароонун, Конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алуунун же Конкурсту өткөн жок деп таануунун тартибин аныктайт;
- өзүнүн жыйынында чапталган конвертти ачышат. Өтүнмө берүүчүлөр же алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Комиссиянын бардык жыйынына, ошондой эле чапталган конвертти ачууга катыша алышат;
- Конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттө берилген материалдарды карап чыгышат, конкурстун шарттарына ылайык аларды баалайт. Комиссия кен казуу иштери, экономика, каржылоо жана башкалар боюнча берилген материалдарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу;
- Конкурсту өткөрүүдө ушул Жобонун шарттарынын сакталышын контролдойт;
- берилген конкурстук документациялардын берилген документтерге шайкештигин күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтардын тууралыгын текшерет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, контролдоочу органдардан Конкурстун катышуучулары тууралуу керектүү маалыматтарды суроого укуктуу;
- Конкурстун жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алат.
3. Конкурстун жыйынтыктарын жараксыз деп таануунун жана талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
24. Конкурска катышууга өтүнмөлөр жок болсо же Конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер негизги шарттарга жана конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптарга жооп бербесе, Комиссиянын протокол менен таризделген, жалпы республикалык гезиттерге жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий сайтына жарыяланган чечиминин негизинде Конкурс өткөрүлбөгөн болуп таанылат.
25. Конкурстун жыйынтыктары Конкурстун жеңүүчүсү жарыяланган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде катышуучулар тарабынан Комиссияга даттанылышы мүмкүн.
Комиссия түшкөн арыздарды кароого жана 3 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү негизделген жоопту берүүгө милдеттүү. Эгерде, Конкурстун катышуучусу Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.